www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айтмаматка эмнеге асылып жатышат?

Перизат Кутманалиева 18-январь 2018, 10:37

Саясат Аналитика


Айтмаматка эмнеге асылып жатышат?

Кыргыз өлкөсүнүн экинчи борбору болгон Оштун өзгөчө стратегиялык мааниси бар. Ошондуктан кимиси бийликти мыкчып хан болуп келер замат түштүктүн борборуна көзү түшөт. Анткени элдин басымдуу бөлүгүн ээлеген аймактын ролу зор экенин акылы тунук киши илгиртпей билет. Бул шаардын мэринин кадыр-баркы канчалык болорун илгери Мелис Мырзакматов тастыктап кеткен. Керек болсо аял президентти тоотпой койгонун, өзүм каалаганымды аткарам деп оолукканын эмдигиче кеп кылып жүрүшөт. Антсе да мамлекеттин эсебиндеги кызматты өмүр бою менчиктеп алуу мүмкүнчүлүгү жоктугун деле байкадык да? Болбосо Мекең Урумчиге сапар тартмак эмес.

Акыркы убакта Оштун мэри Айтмамат Кадырбаевге “назары” түшкөндөр арбып бараткандай. Кээде болбогон шылтоолорду кепке кыстарып асылып кетмейлер өөрчүгөнү эмнеден? И-ии так ошол так талашуу маселеси бышып жетилгендей болуп турат.

Деги качанга чейин ушул киши ордуна казыктай кагылып отура берет, аны копшоп туруп колунан тизгинин жулуп алуу мезгили келди деген топтун аракети бекер жерден чыккан жок. Теңир тоодон барган атка минерлерди босого тарапка жайгаштырып, өзү төргө отуруп алыптыр деген сөздүн төркүнү тереңде жатпайбы? Анан да көп кабаттуу үйлөрдү куруп жаткандардан батир талап кылып жатыптыр деген “өрдөктү” неге учуртушту?

Айтор, мэрдин кадамдарынан өөн табууга мындан ары “чабуул” көп боло тургандай. Ошол душмандар алыстан келбесин деле билебиз го? Кызмат деген колдун кири деген кептин таасири жоголду десек болот. Көрсө кызмат үчүн кызыл кекиртек болгончо салгылаша турганыбызды деле тана албайбыз.

Майлуу жердин жыргалы да, күйүтү да болорун турмуш өзү тастыктап койгондой…

Булак: "Ачык сөз"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83