www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Калыкбек Султанов "мэр болсом"- деп кыялданып

Перизат Кутманалиева 14-июль 2018, 12:30

Аналитика Саясат


Калыкбек Султанов "мэр болсом"- деп кыялданып

Таалайдын тайкүлүк аргымагы алтын така менен так маңдайга тепкен чиновниктерибиз арбын. Качан көрсөң, май-көл, сүт-көлдүн үстүндө жүрөт.

Алсак өкмөт башчынын кеңешчиси Калыкбек Султанов жакынкы күндөрү Бишкек шаарына мэр болуп келет деген сөздөр желдей тарап, кызуу талкууланууда.

Бирок, баштагы акылы менен эмес, капчыгынын калыңдыгы аркылуу бийликке аралашкан бул жигит транспорт жана жолдор министри болуп иштеген маалда кыйраткан эмес.

Демек, ал жүрүшү менен калаа башына келсе да жыргатпайт. Ал эми азыркы мэр Албек Ибраимов маңдай терин төгүп, түзүк иштерди жасоодо.

Кулматов башкарган кезде таштанды көйгөйү курчуган, азыр анын жыты да жок. Ошону менен бирге ички жолдорду оңдоодо иш алдыга жылып, бир жылдын ичинде борбордо жаңы жолдор салынды.

Айтор, саамалык боюнча айта берсе сөз арбын, ишти аксатпаш керек. Негизинен Иса Өмүркулов менен Албек Ибраимовдой мэрди табыш кыйын.

Булак: Де-Факто


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83