www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үч баласы менен сыз кепеде калган Алияга элдер жардам чогултушту

Перизат Кутманалиева 25-январь 2018, 13:13

Коом Кайрымдуулук


Үч баласы менен сыз кепеде калган Алияга элдер жардам чогултушту

32 жаштагы Алия Дордойдогу Ак- Бата конушунда оор турмушта күн кечирген. Ал жетим өскөнү аз келгенсип, турмуштан дагы жолу болгон эмес. 3 балалуу Алияны оор күндөрү жолдошу таштап кетип, ошону менен кабар алган эмес.

Анын улуу кызы 7 жашта, кийинкиси 5 жаштагы уул жана кучагында 4 айлык наристе кызы бар. Үй бүлөөсүн иштеп багууга шарты жок. Жетим өскөн кыздын каралашаар тууганы деле жок. Атасынын алыскы туугандары айрым учурда тамак аштан кайрылат экен.

Акыркы жолу анын ичээрге тамагы калбай, дүкөнгө телефонун 2 нанга алмаштырганын аны тааныгандар күбө болот.

Ал адамдар журналист Дайырбек Орунбековго кабарлап, ал элди кайрымдуулукка чакырып, кечээ жардам чогултуп берди.

Азык түлүк, отун, көмүр, кийим кечек жана 9500 сом акчалай жардам жеткирилди.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83