www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Денесиндеги ийнелерди алгандан кийин, наристе азыр комада!

Жазгүл Урманбетова 26-январь 2018, 10:33

Кылмыш жана кырсык Ден-соолук


Денесиндеги ийнелерди алгандан кийин, наристе азыр комада!

Денесинен 16 кийим тигүү ийнеси табылган 11 айлык наристе комада жатат. Бул тууралуу 25-январда Ташкенттеги Республикалык илимий борбордон билдиришти. Күн мурун Интернетте наристенин чарчап калгандыгы тууралуу маалыматтар пайда болгон.

Дарыгерлер 11 айлык баланын абалы оор экенин, бирок анын өмүрү үчүн күрөш уланып жатканын айтышты. «Наристе тирүү, бирок 1-даражадагы кома абалында жатат. Анын жашап кетүү ыктымалдыгы абдан төмөн», — деп билдиришти алар.

Мурдараак Фергана облусунда жашаган 11 айлык наристенин денесинен 16 кийим тигүү ийнеси табылганы кабарланган. Андан соң ага Ташкенттеги Республикалык илимий борбордо он саатка созулган операция жасалып, денесинен 13 ийне алып чыгышкан. Калган ийнелерди баланын жаш курагын эске алуу менен кийинки операция учурунда алып чыгуу чечими кабыл алынган.

Анализ учурунда ийнелер баланын организминде эки айдан бери жүргөнү аныкталган.

Азырынча ийнелер наристенин денесине кандай жол менен киргени белгисиз. Алар дененин ар кайсы бөлүгүндө болгондуктан, медиктер наристе аларды өз алдынча жутуп ала алмак эмес дешүүдө.

Жакында эле Орусиядан кайтып келген наристенин атасы ийнелер кандай жол менен баланын денесине киргенин билбейт. Апасы тергөө органдарында сурак берип жаткандыктан, аны менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Өз булактардын билдиришинче, 22-январда баланын дене табы көтөрүлүп, апасы аны элдик медицина менен алектенген тууганына алып барган.

Булак: "Азаттык"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549