www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жылуулук жок, жылуу жууркан бар!

Жазгүл Урманбетова 27-январь 2018, 12:25

Коом Ден-соолук


Жылуулук жок, жылуу жууркан бар!

Бүгүн эртең менен саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Улуттук госпиталдын абалы менен таанышты. Ал ар бир палатаны жылыткыч менен камсыз кылуу мүмкүн эместигин айтып, бейтаптарды жылуу кийинүүгө чакырып, аларга кошумча жууркан берүүнү тапшырды.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу Бишкектеги ооруканалар, өзгөчө төрөт үйлөрү электр жылыткычтарын пайдаланууга аргасыз болушат.

26-январда ТЭЦтин эски агрегаттарга суу бөлгөнгө керектүү бир жабдуусу иштен чыкканына байланыштуу Бишкек Жылуулук электр борборунун (ТЭЦ) электр кубаттуулугу 350 МВттан 154 МВтка чейин кыскартылган. Мындан улам, үй жылыткан батареядагы суунун температурасы 84 градустан 62 градуска төмөндөгөн. Шаардын жашоочулары ызаарда үйү жылыбай жатканына арызданышууда.

"Кыргызгидрометтин" маалыматына караганда, Бишкекте 27-январда абанын температурасы түнкүсүн -22…-24, күндүз -16…-18 градус болот. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, суук күчөшү мүмкүн, жыл башында айтылгандай,быйылкы кыш абдан суук болууда. Алсак, үй-жайсыз адамдардын 25ин бул ызгаар суук аркы дүйнөгө алып кетти.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549