www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ызаланган Рыскелди Момбеков "дежурныйлыгыңарды" токтоткула дейт

Жазгүл Урманбетова 31-январь 2018, 17:02

Саясат


Ызаланган Рыскелди Момбеков "дежурныйлыгыңарды" токтоткула дейт

Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешов менен Рыскелди Момбеков кайым-айтышты.

Депутат Дастан Бекешов өкмөткө суроолор кайталана баштаганын айтып төрагадан суроолорду чектөөнү суранды.

Бекешовдун сунушуна депутаттар нааразычылыгын билдирип, сөз алган Рыскелди Момбеков дүжүрлүктү токтотууну талап кылды.

«Ушундай кошоматчылык, дүжүрлүгүңөрдү токтотпойсуңарбы? Бишкектиктер 3 күндөн бери тоңуп чыдап олтурат, силер бул жерде чыдай албайсыңар. Чыдай албасаңар кете бергиле жылуу кабинетиңерге. Ай, ушундайыңарды токтотпойсуңарбы, дүжүрлөр! Кошоматыңарды башка жерден айтпайсыңарбы? Алты күн Бишкектин эли үшүп күтүп отурду. Бир күн чыдабай качып жатасыңар. Же өзүңөрдү сыйлабасаңар эле болдубу? Сапар Жумакадырович (Исаков — ред.) бир жакка шашып жатабы, же качып жатабы? Ким шаштырып жатат силерди. Шашсаңар баргыла, жылуу бөлмөңөрдө отургула. Элдин баары күтүп жатат, кемчилик кимден кетти, ким кетет экен, кимди ала салат экен, кимди чабат экен деп. Бишкектин баары жылуу төшөктөргө оронуп күтүп отурат. Токтоткула дүжүрлүгүңөрдү!»,деди Момбеков.

Ага кайра Бекешов өзүңөр кошоматчысыңар - деп жооп берди. 

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83