www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11 айлык бала кагазда оролуп турган 16 ийнени бүкүлү жутуп салган

Жазгүл Урманбетова 03-февраль 2018, 11:23

Ден-соолук


11 айлык бала кагазда оролуп турган 16 ийнени бүкүлү жутуп салган

Мындан бир жума мурда ташкенттик дарыгерлер Фергана облусунан келген он бир айлык наристенин ичинен 16 ийне - кадимки эле үй тиричилигинде колдончу жип-шуу тикчү ийнелерди тапканын жазган элек. Дарыгерлер тогуз саат операция жасоо менен ымыркайдын ичинен 13 ийнени алып чыгып, калган үчөөн кийинки операцияга калтырышкан. Бул арада ымыркай чарчап калганы тууралуу да маалымат тарап, дарыгерлер аны жокко чыгарган.
Өзбекстандагы Kun.uz сайты алгачкы иликтөөлөргө таянуу менен бала ийнени өзү жуткан болушу ыктымалдыгын жазып чыкты. Иштин чоо-жайын иликтөө үчүн атайын Фергана облусуна барган аталган агенттиктин кабарчысынын жазышынча, Азизбек зарыгып табылган бала. Турмуш-шартка байланыштуу Орусияда иштеп жүргөн атасы суук кабарды угар замат үйүнө кайткан. Азизбек ушуга чейин апасы менен таятасынын үйүндө жашап келген.
Соңку маалыматтарга караганда, 11 айлык Азизбек Абдумажидов дале оор абалда реанимацияда жатат. Дарыгерлер анын абалы жакшы жака өзгөрө баштаганын айтып сүйүнтүүдө.
Бирок, бул маалымат чыккандан бери, 16 ийне наристенин денесине кантип кирип кеткени табышмак бойдон калып келген. Дарыгерлер он бир айлык бала эч качан мынча ийнени өзү жутуп жибериши мүмкүн эместигин, анын үстүнө кызыл өңгөчү менен ашказанында эч кандай тешик табылбаганын айткандыктан, балага ийне териси аркылуу сайылып, ичине киргени болжонгон. Кимдир-бирөөлөр кыянаттык менен атайлап ийне сайган деген мындай божомолдон соң иштин чоо-жайын Ички иштер министрлиги териштирүүгө киришкен.
“Бул үйдө эч кандай жаңжал же уруш чыкканын уккан эмеспиз, мааледеги жакшы, үлгүлүү бүлө катары билебиз”, – дейт аларды жакшы тааныган кошуналарынын бири.
Тишелүү органдар “бала ийнени өзү жутушу мүмкүн эмес” деген божомолдон улам кылмыш ишин козгоп, иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктары белгилүү боло баштады.
- Келиндин энеси топу тигүү менен алектенет. Ноябрь айында алардын үйүндө “көрпө жыйыш” (төшөк жыйды) болгон экен. Балким бала топтому менен кагазга оролуп турган ийнелерди жутуп жиберген, - дейт жергиликтүү бийликтин бир өкүлү.
Кабарчы менен маектешкен тергөө жараянынан кабары бар ички иштер өкүлү да ушундай ойду бекемдеген:
- Ишти далилдер менен кылдат иликтеп жатабыз. Сүрөттөргө караганда, бала колуна эмне тийсе оозуна салганды жакшы көрөт экен.
Ушундан улам наристе али кагазы ачылбаган, жапжаңы ийнелер топтомун бүпбүтүн бойдон жутуп жиберген болушу ыктымалдыгы айтылууда. Иликтөөдөгү алгачкы тыянактар ушундай божомолго түрткү берип жатат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83