www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин берген убадалары качан аткарылат?

Жазгүл Урманбетова 08-февраль 2018, 16:11

Саясат


Президенттин берген убадалары качан аткарылат?

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш ийгиликтүү жүрбөй жатканынын негизги себеби – коррупция. Бул тууралуу бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Мамлекет башчы белгилегендей, криминалдык чөйрөдөгү капитализациянын көлөмү абдан чоң суммага жеткенин эксперттер айтып жатышат.

“Уюшкан кылмыштуу чөйрөдө чоң акча агымы тартип коргоо жана сот органдарынын жогорку кызмат адамдарынын катышуусу болбосо мүмкүн эмес. Мындай топтор маңзат транзитин жана товарлардын аткезчилигин тынымсыз жүргүзүүдө. Алар ири рентабелдүү бизнести, өзгөчө акциз товарлары менен байланышкан бизнести калкалоо менен алектенишет. Күч түзүмдөрүндө коррупция болбосо криминалдык топтор бул иштерди жасай албайт" деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле, коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйынында сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралып жатат.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549