www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жээнбековго жакшы иштеп бербегендер кызматтан кетеби?...

Жазгүл Урманбетова 08-февраль 2018, 18:14

Саясат


Жээнбековго жакшы иштеп бербегендер кызматтан кетеби?...

Өткөн шайлоодо "жыйынтык көрсөткөн жок" же "Жээнбековго жакшы иштеп, чуркаган эмес" деген шылтоо менен жетекчилерди тазалоо жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Коопсуздук кеңешинин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

«Мен мындай ушактарды угуп жатам. Татыктуулар калып, иштеши керек. Мындай шылтоо менен жакшы адистерди жумуштан бошотуунун кереги жок», - деди ал.

Сооронбай Жээнбеков кадр саясаты тууралуу сүйлөп жатып, акыркы 2 жылда райондук деңгээлде 198 жетекчи алмашканын билдирди. Ал айрым кызматкерлер 5-6 айдан кийин кызматынан бошотулса, айрымдары алардын дарегине айтылган сынга карабай 5-6 жыл иштеп жатканын белгиледи. «Ким коррупцияга аралашса, ага тиешелүү мамиле жасалышы керек. Алар элдин арасында жүрбөшү зарыл. Биз коррупционерлерди тазалап, коррупцияга каршы күрөшүүнү күчөтүшүбүз керек», - деди президент.

Эске салсак, Кыргызстан коррупция менен күрөшүүдө 137и орунда турат.

Булак: NazarNews.kg  


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83