www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Юрий Бобков: «Жанетанын айткандары 100 эмес, 300 пайыз калп»

Гүлжан Шерипбаева 10-февраль 2018, 16:48

Коом


Юрий Бобков: «Жанетанын айткандары 100 эмес, 300 пайыз калп»

-Юрий агай, Жанета менен уулуңуз Денистин оту күйүшпөй калганы маалым болду. Экөөнүн ажырашып кетишине эмне себеп болду?

-Жанета интервью берген гезитти мен окуган жокмун. Бизге, менин үй-бүлөмө эч кандай чуунун кереги жок. Жанетага теңелгим дагы келбейт.

-Жанетанын Эмгек сиңирген артисти наамына ээ болушуна сиздин салымыңыз болсо керек?

-Сен кандай ойлойсуң? Наамга өзү жеткен деп ойлойсуңбу? Наамды Жанетага «Досум-Үсөн» тобунун кырк жылдыгына карата мен алып бергем.

-Уулуңуз ажырашканына канча болду?

-Эки жылдан ашты. Ошондон бери уулум Денис экөө чогу жашабайт.

-Денис өзүнөн улуу аялды алып алды, эки баласын таштап кетти деген чынбы?

-Балдардан кол үзүп жинди болуптурбузбу?! Неберем жайлата көлдө атасы Денис менен бирге болду. Каникул учурунда менин үйүмдө, менин жанымда жүрөт. Менин уулум экөө «дзюдого» катышып жатышат. Небере кызым болсо англис тили боюнча курстан окуп жатат. Окуусуна акчаны менин экинчи аялым, чоң апасы төлөп окутуп жатат.

-Жанета жашап жаткан үй боюнча айтсаңыз, үйдү ким сатып берди эле? 

-Жанетанын үй боюнча айткандары 100 эмес, 300 пайызга калп. Денис менен Жанетанын өкүл атасы, менин жакын досум Кадыр деген Денис үй алам дегенде, 16,500 доллар карызга акча берген. Ага Денис этаждан үй алып, кийин чет өлкөдөн машине алып келип сатып иштеп Кадырдан кутулган. Денис менен Жанета мыйзамдуу түрдө ажырашышкан. Мыйзамдуу түрдө ажырашкан соң, Денис өзүнөн улуу аял алабы, кичүү аял алабы Жанетанын кандай иши бар?

Булак:Фабула


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549