www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЭКСКЛЮЗИВ СҮРӨТ - Таиландда эс алып жүргөн Бегалы Наргозуев менен Равшан Жээнбеков акуланы...

Гүлжан Шерипбаева 10-февраль 2018, 18:47

Дүйнө жүзүндө Коом Саясат


ЭКСКЛЮЗИВ СҮРӨТ - Таиландда эс алып жүргөн Бегалы Наргозуев менен Равшан Жээнбеков акуланы...

Кыргызстанга белгилүү саясатчылардын катарын толуктаган эки саясатчы бар, бири экс-депутат Бегалы Наргозуев болсо, экинчиси дагы экс-депутат Равшан Жээнбеков.

Экөө тең кыйын, жыйындарда “тымпыйып” олтуруп алып, жыйынтыгында анализди каттуу кылышат. Азыркы "свежий" анча-мынча саясатчыларды ат салдырбайт. Бегалы Наргозуев, “мындай да” деп, саясат жагынан баштаганда унчукпай олтурууга туура келсе, жымыйып салам берип, өтө эле адекваттуу көрүнгөн Равшан Жээнбеков англис тилинде түш жоруп, АКШнын президенти Дональд Трамптын эмгек жолун адашпай айтып берет.  

Кыскасы ушул эки саясатчы азыр кайда дебейсиздерби? –Таиландда.

Үй-бүлөөсү менен Ко-Лан аралына саякат кылып, Таиландды түрө кыдырып жүрөт. Ал тургай эки саясатчы, Фейсбук баракчасына “Кыргыздар Таиланддын Сиам булуңунун жээгиндеги балык базардан акуланын "козусун" тандап союп жедик” деп, видеотасмасын жүктөдү. Мына сага...

Саясатчы Бегалы Наргозуев, “Равшан Жээнбеков экөөбүз интернет издеп, телефон чукулап олтурсак, биз жашаган мейманкананын администрациясы күтүлбөгөн жерден туулган күндү куттуктап, торт көтөрүп келишиптир @ Garden Cliff Resort & Spa, Hotel in Pattaya Thailand”, деген шилтемени баракчасына калтырган.

Кыскасы кызыктуу кыска тасмалар, Бангкоктогу "Алтын чоку" храмы тартылган сүрөттөр “шептердин” Фейсбук баракчасына жүктөлдү.

Ошентип, эки үлкөн саясатчы “тапичке” кийип, Таиландда жыргап жүрөт. Азыр аларга ТЭЦиң дагы, светиң дагы, Жогорку Кеңешиң дагы “неинтересно”. Анткени Таиландга күндө эле “акчасын” коротуп бара бербейт го.

А баса, баарынан кызыгы акуланын этин жеп келген саясатчыларды байкап туралычы, кандай дем-күч менен келет экен. Тагдырдын тамашасын карагыла, “обычно” акула адамдарды тиштечи эле, бул эки саясатчы акуланы тиштемек тургай, жеп салды.

Эмне дейбиз, эки саясатчыга үй-бүлөөлүк эс алуусуна ийгилик, “алгыла алдырбагыла, жулгула жулдурбагыла”. Колдон келсе “рыбка-гейт” деген терминди үйрөнүп, Таиланддын королуна жолуга келиңиздер...

Төмөндө эки саясатчынын жеген тамактарынан кызыктуу сүрөттөрү:

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549