www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маматкадыр Тиллебаев: "Жылаңачтап мүрзөгө тыккан"

Гүлжан Шерипбаева 10-февраль 2018, 19:27

Коом


Маматкадыр Тиллебаев: "Жылаңачтап мүрзөгө тыккан"

Ач көздөргө байлыкты бөлгөн напси,
Адамзатты азгырып көнгөн напси.
Алтын менен ак сарай курсаң дагы,
Алты метр бөз менен көмгөн напси.

Ырыскыны келтирбей бууган напси,
Шайтандарды чууртуп тууган напси,
Көп болсо да канчалык аз көрүнүп,
Дүйнөнүн артынан кууган напси,

Кылыч байлап күрөшкө чыккан напси,
Кыйындарды көтөрүп жыккан напси,
Байлыгын бүт пенденин алып калып,
Жылаңачтап мүрзөгө тыккан напси.

Маматкадыр Тиллебаев.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549