www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЭКСКЛЮЗИВ - Нурлан Насип менен Асель Кадырбекова коомдук жайда сүйүшүп...

Гүлжан Шерипбаева 12-февраль 2018, 13:31

Маданият


ЭКСКЛЮЗИВ - Нурлан Насип менен Асель Кадырбекова коомдук жайда сүйүшүп...

Эстрада ырчылары Нурлан Насип менен Асель Кадырбекованын урушуп-талашканы кайталана берип, акыры кызуу талкууланбай калган сыяктуу. Урушканы менен жарашканы тез болгон бул түгөйлөрдү социалдык тармактагы колдонуучулар эки жаат болуп бөлүнүп алып сындоодон эч чарчашпайт.

Эл көзүндө жүрүп калган Нурлан менен Асель “Биз жакын достордонбуз. Бизди чыгармачылык гана бириктирет” деп айткандары менен жалпы кыргыз элин алдашыптыр. Муну менен биз эмнени айткыбыз келди? Кечээ жакында эле Нурлан менен Асель коомдук жайларда бирге тамактанып, жетелешип дүкөн кыдырып, ал эле эмес “Ала-Тоо” ресторанына чогуу тойго барып сүйүшкөн жаштардай бири-бирин кумарлуу эркелетип жаткандарын көзүбүз илип калган эле.

Кыязы, булар кайрадан бирге окшойт. Элди алдап жашыруун кыз-жигит болууну көздөгөн бул түгөйлөр тою болгонго чейин ашмалтайлары чыгып бүтүшмөй болду. Эмне болсо да булардын мамилелери тойго жетишин тилек кылабыз!

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549