www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СҮРӨТ - Адам өлүп жатса “жолдор тайгак эле” деп, туура эмес маалымат тараткан облустук милициянын маалымат катчысы

Гүлжан Шерипбаева 12-февраль 2018, 15:55

Коом


СҮРӨТ -  Адам өлүп жатса “жолдор тайгак эле” деп, туура эмес маалымат тараткан облустук милициянын маалымат катчысы

10-февраль күнү Аксынын Кербен шаарында жумушунан унаа айдап келе жаткан милиционер жол боюнан төрт мугалим келинди коюп кеткен. Кырсыктан 30 жаштагы эки мугалим  каза таап, экөө ооруканага жеткирилген. Жабырлануучулардын бири үйүнө чыгарылса, бири оор абалда. Жыйынтыгында бүгүн, 12 –февралда милиция кызматкерине карата кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынган.

Аксылык окурмандарыбыздын берген маалыматына караганда, кырсык болгон күнү эч кандай жолдор тайгалак эмес таза болгон. Облустук милициянын маалымат катчысы “жолдор тайгак болгон” деп, туура эмес маалымат берип жатат, жергиликтүү калктын кыжырына тийип жатабы? –деген пикирин кошумчалады.

Ушул таптагы Аксы районунун Кербен шаарынын жолдорунун  төмөмөнкү сүрөттөрдөн көрсөңүздөр болот.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (1)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Прессслужба УВД Жалал-Абад, 12-февраль 2018, 17:07
“Жолдор тайгак эле” деп басма сөз кызматы маалыматты эч бир жалпыга маалымдоо каражаттарына берген эмес. Бизден төмөндөгүдөй маалымат кеткен: 10-февраль күнү саат http://18.00 чамасында Аксы районунун Кербен шаарынын Ниязалы көчөсү менен Шатманов көчөлөрүнүн кесилишинде, Аксы РИИБнүн кенже курамдагы кызматкери, өзүнүн “ВАЗ-2107” үлгүсүндөгү автоунаасы менен Кербен шаарынын Мамай участкасынын тургундары, №52 “Мамай” атындагы орто мектебинин мугалимдери 1988-жылы туулган С.А., 1988-жылы туулган С.Г., 1983-жылы туулган А.М., жана 1987-жылы туулган Т.Г., жолдун четинде бара жаткан жеринен койдуруп кеткен. Натыйжада С.А. жана С.Г. алган жарааттарынан улам окуя болгон жерде каза болушкан, ал эми калган эки мугалим Аксы аймактык ооруканасына жаткырылган. Аталган окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги жана тергөө ыкчам тобу жол кырсыгы болгон жерге чыгышып, кароо жүргүзүп, тиешелүү экспертиза дайындалып текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча, ИИМдин Ички коопсуздук кызматы тарабынан кызматтык иликтөө иштери уланууда. Айдоочу Аксы РИИБнин кызматкерин Аксы аймактык ооруканасынын наркология бөлүмүнөн текшерүүдөн өткөзгөндө соо абалында экендиги аныкталды. Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу алдыдагы автоунаадан качуу максатында тайгаланып жол четине чыгып кетип (бардюр) кичинекей тосмону сүзүп сол капталы менен жол четиндеги айымдарды койдуруп кеткен. Кошумчалай кетсек, айыпкер айдоочу (милиционер) ошол эле күнү камакка алынган.
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549