www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Зарылбек Рысалиев: "Мен деле жөө келмекмин"

Перизат Кутманалиева 12-февраль 2018, 16:01

Саясат Маек


Зарылбек Рысалиев: "Мен деле жөө келмекмин"

–Зарылбек Кылычбекович, кесиптешиңиз Камчыбек Жолдошбаев коомдук унаада жүргөн депутаттар үчүн уялып жатыптыр. Сизчи?

 –Ар ким кандай келе берет да. Анын баарын карап ким текшерип олтурмак эле. Эгер машинам жок болуп калса мен деле жөө келмекмин. Кудай ошол эл менен аралашып, эл менен жүргөнгө жеткирсин. Асанбай кичи районунда жашайм. Таптакыр эч нерсе жок болсо жөө деле келе алам. Эл аралап жүргөндөн айрыбасын жараткан. Камчыбек Жолдошбаев күндүн суугунда кыз келиндер үшүп келип жатса, боору ооруп айтып жатса керек.

–Негизи депутаттардын коомдук унаа менен жүргөнүнө каршы эмессизби?

–Эч качан каршы болбойм. Депутаттык статусум бар деп өзүнчө бөлүнүп өзгөчөлөнүп турганын да табиятым сүйбөйт. Ошондуктан бул сөздөргө маани да берген жокмун.

–Депутаттардын жардамчылары дагы машина менен жүрсүн дейт го

–Депутаттардын жардамчыларына чейин машина бергидей мамлекетте мүмкүнчүлүк жок. Депутаттарга дагы кээ бир таптакыр шарты жокторго беришсе балким ойлончу иш болмок. Мисалы, Дастан Бекешовго берип койсок ашыкча болбойт. Акчасы, машинасы барлар өздөрү эле келсин.

Сезим Мураталиева

Булак: "Де-Факто" 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83