www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мелис Арып-Бек, журналист: "Аялзаттар бирин-бири кумарларын кандырган сыяктуу көрүнүштөр күч алды"

Гүлжан Шерипбаева 12-февраль 2018, 19:48

Коом


Мелис Арып-Бек, журналист: "Аялзаттар бирин-бири кумарларын кандырган сыяктуу көрүнүштөр күч алды"

Акыркы мезгилде соо адамдын ойлоруна келбеген, өтө ырайымсыз былгытма сасык жоруктарды угуп, окуп эстен танасың. Өз кызын боозуткан, кошуна жаш балакайды коркутуп-үркүтүп, же акча менен азгырып бачабаздыкка көндүргөн молдолор, же он эки жаштагы кызды зордуктап, 20 жылга соттолгон, же атасы баш болуп, балдары алмашып алмак-салмак жаш кызды зордуктаган, же агасы 30 жаштагы биртууган карындашын күч колдонуп зордуктаган ыпылас окуялар айтылып, жазылып жаткандык, эмненин белгиси?
Баарынан дагы өкүнүчтүүсү ушундай ыпыластыкка баргандар кимдер? Көрсө, беш маал намаз окуган, жума намазга мечитке барган, сакал койуп алышып элге эбиреп-жебиреп ыйман жөнүндө дарс окуп тажаткан, “молдомун” деген эки буттуу хайбандар экени күйүндүрөт. Жалпы жумурай журтка, болгону, соттон далил болгон эле ыпылас көрүнүштөрдүн чет-чебери айтылды. Ал эми, ичара жабылып, жашырылгандардын сандары канча?
Арга жок, канчалык мечит, медреселер көбөйүп, сакалчандардын сандары көбөйгөн сайын, педофилия – жаш өспүрүмдөргө кол салган аңгилик, бачабаздык – эркектер бири-бири менен жыныстыкка баргандар, лезбиянкалар – аялзаттар бирин-бири кумарларын кандырган сыяктуу көрүнүштөр күч алып жатканы, эмненин белгиси? Себеби...
Себеби, Кудайдын Үйү аталган мечиттерде чуулу Чубак баш болгон аалымсөрөйлөр ыйык Курандын жакшы жактарынан кеп кылбастан, көпчүлүк учурда төшөк майданы тууралуу шилекейлерин агызып, өңчөй жыныстык катнашуунун ыпылас жактары бойунча эзилише кеп машбара кылгандарына күбөбүз. Андансоң кандары кайнап турган молдокелер, Чубактын айткан ыкмаларын ишке ашырыш үчүн, кадимкидей “ууга” чыгышат. Акчалуулар мейманкана, сауналарга барышат. Амалдуулар дуба салып азгырып-арбап кумарларын кандырышат. Айрымдары коркутуп-үркүтүп аңгиликтерин ашырышат. Далил катары...
Кочкордогу эки имамдын бачабаздыгы, элдин каарынан качып Казакстандын чөлүндө жашынып жүрүшөт. Же болбосо Кыргызстандын мурунку муфтийи Рахматулла Эгембердиевдин жаш кыз менен мейманканадагы жалаптыгы интернетке далил катары жарыйаланган. Же болбосо, чумоосу чыгып чууруган Чубак шейхтин токолдору... Же болбосо жалганбы?
Коомчулукту таңкалдырганы, ушундай ыпыластыкка молдокелер батырып жаткандарын көрүп билип туруп, эмне үчүн Кыргызстандын азыркы муфтийи Максатбек таксыр баш болгон динааламдары эчкандай иш-аракеттерди көрбөйт? Эмне үчүн соцтармактын баардыгын сасыткан сакалчандардын ашата сөгүнүп-сагынып, коркутуп-үркүткөндөрүнө эчкандай чара көрүшпөйт? Жок дегенде, бир ирээт, ал мусулманбыз деген бокоздорду уйаткарып, тыйып койушпайбы. Жок, угуп, көрүп, билип турушса да билмексен-көрмөксөнгө салышат, баштарына селдесин оронуп алышып. Андыктан...
Андыктан, аргасыздан арабкулдардын ыпыластыктары ашып-ташып бараткандыктан, төмөнкү саптарды атайылап, ыпыластыкка батып бараткандарга карата жаздым:

Ыйыкмын деп өздөрүн сезишкен,
Ырайымсыз арабкулдар кемишкен.
Ыйыктыктын туу чокусу Ата Энени,
Ыймансыз арамкулдар жээришкен.

Ыймандуулуктун атын жамынып,
Ыймансыздар сасып чиришкен.
Ыпыластыктын үлгүсүн көрсөтүп,
Ыштанын балакайдын чечишкен.

Ырсайып күлүп иришкен,
Ыпылас бачабаздыкты билишкен.
Ыкманы далай колдонуп,
Ыктап бир-бирине киришкен.

Ырааңы суук бул көрүнүш,
Ыпыластык билсең сөгүнүш.
Ырахатпы сага бачабаздык,
Ыйманды сасытып бөлүнүш?

Ыйманды боктоп сасыттың,
Ыймансыздар сөгүп ашаттың.
Ыбырайымдан келген өнөрдү,
Ырайымсыздар абдан ашыттың...

Мелис Арып-Бек

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83