www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аярлуу жарандар да экономикага салым кошуп жатат

Перизат Кутманалиева 13-февраль 2018, 09:41

Коом


Аярлуу жарандар да экономикага салым кошуп жатат

Жалал-Абад шаарынын экономикасынын өнүгүшүнө шаардагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да активдүү салым кошуп жатышат. Көзү азиздердин жана дүлөйлөрдүн кыргыз коомунун Жалал-Абаддагы окуу-өндүрүштүк ишканасы өткөн жылы 13 миллион 784 миң сомдук продукция өндүрүү менен бекитилген планды 196,9 пайызга аткарган. Бул тууралуу шар мэриясынын аймактык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Аталган ишкананын жетекчиси Үсөнбай Печеловдун айтымында, ишкана мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдардын социалдык активдүү жашоого тартып, иш менен камсыз кылууга багытталган.

-Мында эмгектенгендер негизинен кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Биздин кызматкерлерибиз ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгени менен өтө аракетчил, өз иштерин убагында аткарып, кызыгуу менен иш алып барышат. Алардын аракети менен жыл сайын  өндүрүлгөн продукциянын көлөмү да жогорулап жатат. Бирок, канчалык аракет кылганыбыз менен жетишпестиктер да бар. Учурда окуу-өндүрүштүк ишкананын имараты эскиргендиктен, азыркы талапка жооп бербейт жана тигүү  техникаларыбыз учурда жетишсиз болууда,-дейт Ү. Печелов.

Эскерте кетсек, Көзү азиздердин жана дүлөйлөрдүн кыргыз коомунун окуу-өндүрүштүк ишканасын жамаатында 184киши бар. Алардан  95и 1-топтогу көзү азиздер, 89у 3-топтогу угуу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Ал эми 42си иш менен камсыз болушкан. Алар Жалал-Абад областындагы мекеме-ишканалар үчүн эмеректерди, журкан-төшөктөрдү даярдап келет.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83