www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернет айдыңында адамды негизсиз сындачу болсоң, 20 миң сом айып пул төлөйсүң

Жазгүл Урманбетова 13-февраль 2018, 10:43

Саясат


Интернет айдыңында адамды негизсиз сындачу болсоң, 20 миң сом айып пул төлөйсүң

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 12-февралда "Жарандык кодекске" өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды.

КСДПдан депутат Дастан Бекешев сунуштаган өзгөртүүлөрдө интернетте негизсиз сын-пикир жазгандарды жоопкерчиликке тартуу камтылган. Ага ылайык, моралдык чыгым катары айыпталуучуга салынган айыптын өлчөмү 20 миң сомдон кем болбошу керек.

Комитет жыйынында депутат Жанар Акаев айыппулдун жогорку чегин мындан ашырбоону, бул мыйзам долбоору коомчулуктун өз пикирин ачык айтуусуна жолтоо болбошу керектигин айтты. Мыйзам долбоорун колдобоого депутаттарды чакырды.

Ал эми эл өкүлү Тазабек Икрамов айыппулдун өлчөмү 20 миңден эмес, 50 миң сомдон башталганы туура болмок деген сунуш киргизди.

Жыйынтыгында комитетке мүчө болгон он бир депутаттын ичинен үчөө -Жанар Акаев, Аида Касымалиева жана Наталья Никитенко "каршы" добуш беришти. Калгандары колдоп, мыйзам долбоор көпчүлүк добуш менен жактырылды.

Буга чейин Кыргызстандагы атуулдук коом "Жарандык кодекске" сунушталган өзгөртүүлөрдү сындап, сөз эркиндигине кысым катары сыпаттаган.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549