www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ШОК ВИДЕО: Өзбекстандагы кримтөбөл Салимбай менен жолуккандар, көрүп алгыла...

Гүлжан Шерипбаева 13-февраль 2018, 11:36

Коом


 ШОК ВИДЕО: Өзбекстандагы кримтөбөл Салимбай менен жолуккандар, көрүп алгыла...

СДПК ишенимдүү тирегиң! Мына баары соңуна келди. Мына бийликтин нукура жүзү! Мына өлкөдөгү жашоонун чыныгы деңгээли! СДПК ишенимдүү тирегиң деп жар салгандардын чыныгы жүзү ачыкталды. Чынында эле бийликтин тиреги Өзбекстандан келген кримтөбөл Салимбай болуп чыкты. Канчадан бери чечилбей келген маселелерди бир кыска сөзү менен чечип эки өлкөгө тең бекем достукту каалады. А бул эки чапан кийген организимдер биздин элди шылдыңдап беделин түшүрүп эле тынбастан, өздөрүнүн да, бийликтин да, Салимбайдын да беделине шек келтирип алды. Эң башкысы экөө элибизди мазактады. Балким өздөрүнүн ойлонулбаган кадамдары менен жана балп этме сөздөрү беделин түшүрүп алды...деп жазат Фейсбук баракчасына Шаирбек Маматокторов.

Хан сарай го хан сарай, алтындан “унитаз” курса деле өзүнө дечи, бирок минтип Түштүктүн сараң байы аталган Жалил Атамбаев жана башкалары Өзбекстандын кримавторитетине эмне мынчалык жүгүнүп жагынды экен. Эстелике үчүн сүрөткө түшкөндөр, ЖКнын мурдагы депутаты Нургазы Айдаров, Асылбек уулу Дамирбек жана "алкомагнат" Шаршенбек Абдукаримов жана Оштогу чириген байлардын бири Жалил Атамбаев. 

Урматтуу Сооронбай Шарипович, мындай кыргыздарды уят кылган бийчыкмаларды аттан түшүрүп койсоңуз... Анткени мамлекет башчы катары Сиздин беделиңиз түшүүдө. Кыргызстандын абалына мышык эмес, иттер, уйлар пилдер ыйлап турганда бийлик башына келдиңиз. Кырдаал билинбегени менен оор.  Адилет сүйлөгөндөрдү жаныңызга тартып, Сүмбүлдөрдөн алыс болсоңуз жакшы болот беле?

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549