www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүйдүн жараны кызды сойкулуктан арылтам деп өлтүрүп койду

Перизат Кутманалиева 13-февраль 2018, 12:19

Кылмыш жана кырсык


Чүйдүн жараны кызды сойкулуктан арылтам  деп өлтүрүп койду

Чүй облусунун Беловодск айылында айдоочу жолуна тоскоол болгон кызды өлтүрө сүзүп кеткен. Бул тууралуу kaktus.media маалымат порталы жазып чыкты.

Окуя болгон учурда Урмат мас абалында Назик менен Беловодск айылына бара жатышкан. Жолдон уруша кеткен эки жуптун бири Назик унаадан түшүп кеткен. Урмат унаасын айдайын дегенде, жолуна тоскоол болуп туруп алат. Жини келген Урмат кызды сүзүп кеткен. Алган жаракатынан улам кыз ошол жерден жан берген. Урмат Назиктин сөөгүн ороп-чулгап Петровка айылына алып барып көмүп салган.

Бактысыз Назиктин сөөгүн туристтер таап алышкан. Урмат күнөөсүн жарым жартылай мойнуна алган.

Баарынан да кызыгы апасы Гүлзат кызы кафелердин биринде официант болуп иштеп жүргөндүгүн билдирген. Мындан сырткары кызы саунада иштеп жүргөндүгүн дагы укканын танган эмес. “Кызым үйгө көп түнөбөй калчу. Өзүн өзү өлтүрүүгө дагы аракет кылган”, деп айтты апасы. Назик Россияга иштегени кетип, ал жерден боюна бүтүп келген. 

Сотто Гүлзат кызын өлтүргөн адамга доо-арызы жок экендигин билдирип, кылмыш ишин токтотууну суранган. Билген адамдардын айтымында Назик сауналардын биринде сойку болуп иштеп жүрчү. “Назик чын эле сойку болуп иштеп жүргөн. Урмат менен таанышып, сүйүп калгандан кийин сойкулукту таштаган. Урмат туура жолго салуу ниети менен жумушунан чыгарып алганын дагы кошумчалап айтышкан.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83