www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө дагы бир пансионаттагы коттедж өрттөндү

Жазгүл Урманбетова 13-февраль 2018, 11:59

Кылмыш жана кырсык


Ысык-Көлдө дагы бир пансионаттагы коттедж өрттөндү

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан «Аврора» пансионатындагы коттедж өрттөндү. Өрт бүгүн, 13-февралда саат 08:45 чамасында чыккан. Өрт өчүрүүгө 2 бөлүм жөнөтүлүп, саат 09:21де өрт чектөөгө алынган. Саат 09:45те өрт толук өчүрүлдү, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы. Алдын ала маалыматтар боюнча, адамдар жабыркаган жок. Өрткө электр зымдарын туташтырууда коопсуздук эрежелердин бузулушу себеп болгон.«Фламинго» ЖЧКнын пансионатынын короосунда жайгашкан коттедж өрттөнүп, анын кесепетинен кароолчу — 1977-жылы туулган А.В. (эркек киши) көз жумду. ӨКМдин маалыматы боюнча, өрт 10-февралда саат 18:35 чамасында чыккан. Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм жөнөтүлүп, саат 20:25 чамасында чектөөгө алынып, саат 23:20да толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан 120 чарчы метр аянт өрттөндү.

Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549