www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыяз Молдокасымов: “Кабай Карабеков соттун чечимин аткарышы керек"

Гүлжан Шерипбаева 13-февраль 2018, 12:52

Саясат


Кыяз Молдокасымов: “Кабай Карабеков соттун чечимин аткарышы керек"

Журналист Кабай Карабеков өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду президенттик шайлоонун астында негизсиз каралап, ал тууралуу чындыкка дал келбеген маалымат тараткан. Анысы соттон далилденип, Карабеков 5 млн. сом айыпка жыгылган. Ал эми “Репортеры без границ” деген уюм бул көрүнүштү сөз эркиндигин ооздуктоо катары баалаптыр. Сиз мындай бүтүмгө кошуласызбы? -деген суроонун тарыхчы Кыяз Молдкасымовго "Багыт.кж" коомдык-саясый басылмасы узаткан.

— Сөз эркиндиги менен жоопкерчилик эриш-аркак нерсе. Бизде сөз эркиндиги бар деп эле ар кимди каралай бергенди чектеш керек. Калп маалымат жазып, башка адамдардын беделине шек келтиргендер жоопко тартылса журналисттер да тактыкка көнүшөт. Фактыларга, чындыкка таянган курч макалалар болсо бир жөн. Азыр карандай калпты ышкырткандар көбөйбөдүбү.

— К.Карабековдун окуясы сөз эркиндигине шек келтиреби?

—   Бул маселени саясатташтырып, аны саясый жакка буруштун кереги жок. Анын сөз эркиндигине да тиешеси жок. Кандай болбосун соттун чечимин аткаруу керек. Андыктан К.Карабековдун маселесин президент эмес, сот аткаруучулар чечет.

Булак: Багыт.кж


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83