www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Апасы өлтүргөн баланы бүгүн жерге беришти

Перизат Кутманалиева 13-февраль 2018, 14:31

Коом


Апасы өлтүргөн баланы бүгүн жерге беришти

Апасы депкир менен сабап комага түшүп көз жумган баланын сөөгү Ош шаарындагы Южный кичирайонунда жайгашкан борбордук көрүстөнгө коюлду. Бул тууралуу Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ош шаарында 24 жаштагы өз энеси депкир менен сабаган 3 жаштагы бала эс-учун жоготуп, облустук балдар ооруканасынын жандандырууу бөлүмүнө келип түшкөн. Бул фактынын негизинде шектүү катары баланын энеси шаардык милиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. 11-февраль күнү саат 18:30дар чамасында бала өзүнө келбей каза болгон.

Наристе чарчап калгандан кийин энесине коюлган айып өзгөрүлүп, "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча соттолмой болгон.

Буга чейин ал бала комага түшүп ооруканага жеткирилгенден баштап шаардык соттун токтомунун негизинде Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кароосуна алынганын айткан.

"Кечээ, 12-февраль күнү, баланын таятасына телефон аркылуу байланышып, анын каза болгондугу тууралуу айттым. Бирок таятасы ооруп жатканын, сөөккө келе албай тургандыгын билдирди. Андан соң сөөктү башкармалыктын кызматкерлери калаадагы Сулайман Тоо мечитине алып барып, ал жерден молдолор куран түшүрүштү. Южный кичирайонунда жайгашкан борбордук көрүстөнгө баланын сөөгү жерге берилди", — деди Токобаева.

Ал ошондой эле сөөктү көрүстөнгө жеткирүүдө унаа маселесине шаардык мэриянын тиешелүү кызматкерлери көмөктөшкөндүгүн кошумчалады.

Булак: "sputnik.kg"

 


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549