www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте аялдардын жатын рагын дарылаган жабдуу иштен чыкты

Гүлжан Шерипбаева 13-февраль 2018, 14:28

Коом


Бишкекте аялдардын жатын рагын дарылаган жабдуу иштен чыкты

Бишкектеги Улуттук онкологиялык гематологиялык борбордо аялдардын жатын рагын радиоактивдүү нур аркылуу дарылоочу АГАТ-ВТ аттуу жабдуу жарактан чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Бул жабдуу 2016-жылы октябрда Орусиянын "Росатом" ишканасынан алынган. Бузулган аппаратты оңдош үчүн аталган компаниянын инженерлери чакырылды.

Оңдоо иштери бир айга чейин созулушу ыктымал экенин билдирген министрлик бейтаптардан кечирим сурады.

Кыргызстанда аялдардын жатын моюнчасынын рагын дарылоочу жабдуулар жетишсиз экени буга чейин да айтылып келген.

Булак: Азаттык


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83