www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дарыгер:"Баланын оң буту муздак тура бергендиктен, алууга туура келди"

Жазгүл Урманбетова 13-февраль 2018, 15:36

Кылмыш жана кырсык


Дарыгер:"Баланын оң буту муздак тура бергендиктен, алууга туура келди"

1 жаш 8 айлык кыздын оң буту жамбаш сөөгүнөн ылдыйы толугу менен алынды. Азыркы учурда бөлүмдө  чоң энеси  карап жатат. 

“Кыздын оң буту жашмбаш сөөгүнүн ылдыйы жанчылып, бутту териси эле кармап турган. Ошол эле замат микрохирург, сөөк хирургттарды чакырып консультация кылып баланын бутун сактап калганга аракет кылдык. Операция учурунда үзүлүп кеткен, жетпеген кан тамырларын тиккенбиз  бирок, тери жанчылып калгандыктан кичине тартылып калган. Эртеси карасак баланын оң буту муздак, натыйжа болгон жок. Кайра консилиум кылып  оң буту толугу менен ампутацияланды. Азыркы учурда бөлүмгө которгонбуз чоң энеси карап жатат. Башынан да жаракат алгандыктан, 10 күндөн ашык дарылайбыз», -дейт №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков.

-"Мындан сырткары,  1 жаш 8 айлык кыз ушундай оор кырсыкка учурап, бир бутунан ажырап калды. Биз баланын буту же колу ампутациялаганда анын кийин протез кийерин  да эске алабыз. Бул балада да эске алынды, жарат бүтүп өзүнө келгенде протез боюнча атайын адистер бар, алар өздөрү карашат. Эки колу бүтүн эми мындан аркы кыймылы өзүнө жараша болот" - деп кошумчалады.

Белгилей кетсек,  9-февраль күнү Мерседес үлгүсүндөгү унаа Элебесов көчөсүнөн түндүк тарапты көздөй баратып Витебский көчөсү менен кесилишкен жерден Тойота унаасы менен сүзүшкөн. Андан соң башкаруусун жоготкон Мерседес жолдон баласын көтөрүп бараткан 34 жаштагы аялды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болуп, кызы оң бутунан толугу менен ажырады.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83