www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баклашка терип байыган байке

Перизат Кутманалиева 13-февраль 2018, 17:57

Турмуш


Баклашка терип байыган байке

- Кечки саат 8-9дар болуп калган. Үйдө мусор чогулуп калганынан ыргытып келейин деп эшикке чыктым. Мусор таштаган челекке жакын келсем Запоржец машинеси токтоп туруптур. Ичимден « Аа, баягы крутой бомж келген экен» - деп койдум. Ары бери өткөндө көрүп калам, запорожец менен келип баклажка терген бирөө бар. Кээде «Тигил кыйын бомж экен эй, машине айдап алганын карабайсыңбы»- деп сүйлөшүп калчубуз. Мен ыргытчу мусорлордун арасында бир топ баклажка бар эле. Түз эле тигил кишиге бардым да:

- Меңиз бул баклажкаларды да алыныз дедим. 
Тигил киши мага карап:

-Рахмат деди да, челек чукуганын уланта баштады. Мен артка кайрылып кетип баратып өзүмчө ойлонуп кеттим. «Бул киши бомж болсо, машинени кантип айдайт, документтери кандай болду экен»- деген ой башыма келе түштү да, кайра кайрылып:

- Машинени кантип айдап жүрөсүз, праваңыз барбы?- дедим.
Тигил киши челектен башын көтөрүп, мени бир саамга тиктеди да:

-Иним, мени эмне бомж ойлоп жатасынбы?-деди. Чындыгында мындай жоопту күтпөгөн жаным бир топко ыңгыйсыз боло түштүм. 
-Анан, кантип ойломок элем, мусор салган челекти ошолор эле чукушат да, эми алар деле эптеп жан багыштын айласын кылып жүрүшпөйбү. –дедим.

Тиги киши колундагы колкаптарын чечип, чекесинен аккан терди аарчыды да, бери жактагы баклажка салганга ылайыктап тигилген чоң баштыктагы желим бөтөлкөлөрдүн үстүнө отурду: 
- Иним, азыр заман бузулдубу же адамдар өзүбүз бузулдукпу билбейм, бирок адамдын ою чын эле бузулду. Мына карачы, өз эмгегим менен мусор чукуп болсо да, эч кимге зыянымды тийгизбей, балдарымды ыйлатпай, үй-бүлөмдү нааразы кылбай багып жатсам, сен мени бомж дейсин.-деди. 
Мен дароо эле:

-Байке кечириңиз, эми өзүңүз деле түшүнөсүз да менден башкалар деле ошентип ойломок.-дедим. 

- Ооба, элдин баары ошентип ойлойт. Бомждун жашаган жери, үй-бүлөөсү, максаты жок да. А, менин жашаган жерим бар, жөн эле жер эмес 5 бөлмөлүү үйүм бар, аялым бар, 3 балам бар, кол алдымда иштеген кишилерим бар, жана 4 машинем бар. Ишенбесең, Дордой конушуна кел, баарын көргөзөм.-деди. 
Мен ишенип-ишенбей:

-А, эмнеге бул ишти тандап алдыңыз дедим. 
Тигил киши мыйыгынан жылмайып:

-Ээй иним, менин турмушумду ушул иш оңдоду. Эмне деген гана жумуштарды иштебедим, кайда гана барбадым. Жокчулуктун айынан жеңең менен далай урушкан күндөр болду. Акыры бөтөлкө тергенге туура келди. Биринчи күнү тергенде кыйналдым, тааныштар көрүп койбосун деп беткапчан иштедим. Аялым урушуп, ажырашып кете жаздадык. Бара бара жумуш жакшы болуп, күнүнө жакшы акча таба баштадым. Ушунун арты менен бутка турдум да. Иштегениме үч жыл болду, үй салдым, урушчаак аялыма «Субару» алып бердим. Азыр 3-4 кишини жалдап алгам, алар да баклажка теришет. Тийиштүү акчаларын кечинде санап берем. Үйдө жатканда эмне, жумуш ушул болгон соң иштеш керек да, 4-5 саат иштеп койсом 1500-1700 сом таап алам. Башында досторум теңине деле алчу эмес, азыр байдын ырыскысы жуксун деп саламдашып турушат -деди. 

Мен чындыгында таң калдым, эмгегине баа бердим. Ден-соолугубуз чың, акыл-эс бар, бирок жалкоо экенибизди ошондо билдим. Экөөбүз бир топко сүйлөшүп отурдук да, үйгө сапар алдым. Иштесең тиштейсиң деген ушул экен да. Азыр деле келип турат бат-баттан Запорожецтерди кайра кайра алмаштырып.

Мен күлүп калам, «Келиңиз учурашалы, байдын ырыскысы жугуп калаар»- деп.

Майрамбек Осмоналиевич

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83