www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Афганчылар депутат Кожобек Рыспаевге нааразы

Перизат Кутманалиева 13-февраль 2018, 19:14

Саясат


Афганчылар депутат Кожобек Рыспаевге нааразы

Абыкеев Жалын, Сонунбеков Тобокел, Адылов Туратбек, Колубаев Орозбай, Исаев Табылды аттуу афган согушунун катышуучулары өткөн аптанын соңунда Бишкектеги “Кабар” маалымат агентигинде маалымат жыйынын өткөрүшүп, жакынкы күндөрү афганчылар союзунун башчылары жыйынга чогулуп, афганчылар кеңешинин төрагасын шайлоону пландай тургандыгын, бирок ал жыйынды нааразы тарап болтурбоо керектигин айтып чыгышты. Эске салсак, афганчылар кеңешинин төрагасы Тыныбек Кадыров былтыр жайда автокырсыктан көз жумган эле. Ошондон бери аталган орун бош турат.

Орозбай Колубаев, афган согушунун катышуучусу:

Эртең афган согушунун катышуучуларын түзүлгөн союздун башчылары эч кимге айтпастан, тымызын өздөрүнө керектүү адамдардын гана катышуусунда отчеттук жыйын куруп,кеңештин төрагасына шайлоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жатышкан экен. Биз айтат элек, учурда жасалма документ жасатып, жасалма афган согушунун катышуучусу болуп жүргөн кишилердин ишин иликтеген комиссия иликтөө ишин толук бүтмөйүнчө шайлоону токтото туруу керек. 2016-жылы дагы ушундай иш болгон. Афганчылар согушунун төрагасы Нурлан Төрөбековдун көзү өтүп кеткен соң, жаңы төрага кылып Кожобек Рыспаевди шайлоо учурунда дагы союздун жетекчилери алдан ала сүйлөшүп алып, жыйынга чындыкты айткан союздун мүчөлөрүн киргизбей коюшкан. Анткени чындыкты айткан балдардан коркушкан. Алар 25 жылдан бери болуп келген союздун ичиндеги туура эмес иштерди айтып чыгышмак. Ошон үчүн жыйынга киргизишкен эмес. Эми бул жолу да ошол көрүнүш кайталанганы турат. Биз буга каршыбыз. Депутат башчыбыз Кожобек Рыспаев айткан болчу “Учурда жасалма документ менен мамлекетти алдап жүргөн афганчыларды атайын комиссия түзүлүп иликтеп жатат, ошол комиссия ишти толук иликтеп бүтмөйүн афганчылар эч кандай кыймыл-аракеттерди жасабайбыз, жыйын курбайбыз”- деген. Азыр боло депутаттын ал сөзү айтылган сөз боюнча калып, жыйынтыгында жыйын курганы жатышат.

Табылды Исаев, афган согушунун катышуучусу:

-1995-1996-жылдары афган согушуна катышкандардын санын тактаганыбызда 7 миң 141 бала катышып келгени маалым болгон. Андан бери 20 жылдан ашты. Афганчылардын саны азайбай эле, көбөйүп келе жатат. Жасалма документ менен мамлекетти, элди алдап жөлөк пул алып жатышат. Афган согушуна катышкан, ден соолугунан жабыркагандарга 6 миң сом, ал эми ден соолугунан ажырап, жарадар болгондорго 7 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул каралган. Мамлекетибиздин экономикалык абалы оор болуп элибиз кыйналып турганда, ушинтип мамлекетти алдап, жөлөк пул алган кантип болсун. Мугалимдер, врачтар эмгектенип, тер төгүп иштеп жүрүп 6 миң сом алып жатышат. Жасалма афганчылар болсо баш оорутуп, кол жоорутпай эле 6 миң сом алып жатышат. Ушу кантип жакшы болсун! Бул киши 2010-жылдан бери карай иликтенди. Ага чейин эс кандай иликтөө болгон эмес.  Жасалма документ менен жөлөк пул алгандардын арасында генерал, полковниктерден бери бар.

Туратбек Адылов, афган согушунун ардагери:

Учурда афган согушуна катышкандардын саны 16 миң болуп жүрөт. Ойлонсоңор, 1996-жылы 8 миңге жакын афганчы бар экени анык болуп жатса, 20 жылда дагы 8 миң афганчы пайда болдубу? Же эмне афганга барып келгендер афганчыларды төрөп жаратабы? Ош облусунун афган союзунун төрагасы Мамат Беделбаев деген бар. Ал дагы жасалма документ менен жөлөк пул алып келет. Мындайлар өтө көп. Азыркы маалда комиссия иликтеп жатат. Бирок кандай иликтеп жатат билбейм. Ошондой эле жетекчи Кожобек Рыспаевге дагы нааразыбыз. Жаңы шайланганда ишти өзгөртөт го, жаңылануу болот го дедик эле. Тилекке каршы, иш эч өзгөргөн жок.

Булак: "Фабула"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549