www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чек арада Ала- Бука районунун жашоочусуна ок атылып...

Перизат Кутманалиева 14-февраль 2018, 08:49

Коом Кылмыш жана кырсык


Чек арада Ала- Бука районунун жашоочусуна ок атылып...

Жакында, жалпыга маалымдоо каражаттарында кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыгып, Өзбекстан Республикасынын чек арачылары мал багып жүргөн мал багуучу тарапка ок чыгаргандыгы тууралуу маалымат тараган. Ал эми, жабырлануучу Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун жашоочусу болуп чыккан.

Ушул жылдын 27-январь күнү болжол менен 19:30 чамасында Ала-Бука районунун Тенги айылынын 1979-жылы туулган жашоочусу мамлекеттик чек арага жакын болгон Көк-Серек айыл өкмөтүнүн Ажек аймагында мал жайып жүргөн жеринен Өзбекстандын чек арачылары ал тарапка ок чыгарышкан.
Жыйынтыгында, бел тараптан жаракат алып, Өзбекстан Республикасынын аймагындагы Чуст ооруканасына жеткирилген.

Өзбек тарап өздөрүнүн чек арачыларынын иш-аракеттери боюнча төмөнкүлөрдү билдирген. Чек арачылардын эскертүүлөрүнө көңүл бурбай койгон жаранга алар ок чыгарууга муктаж болгон жана караңгы убак болгондуктан, ал карапайым элдердин бири экендигин байкашкан эмес.
Кийинчерээк, өзбек тарап жаракат алган адамды Кыргызстанга өткөрүп беришкен. Жабырлануучунун ден-соолугунун абалы канаттандыраарлык болуп, дарылануусун улантууда. Жабырлануучунун сөзү боюнча, окуя болгон күнү ал чек арадан өткөн эмес.

Бул окуя боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука РИИБнин тергөө кызматы тарабынан кылмыштын курамына ылайык, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 2-бөлүмү (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүү) жана 28-97-беренелери (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) менен кылмыш иши козголду.
Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишин толук иликтөө үчүн кошумча ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549