www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун жаңы планы ишке кирдиби?

Перизат Кутманалиева 14-февраль 2018, 09:08

Саясат


Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун жаңы планы ишке кирдиби?

Биздин эл турмуш чындыгын нускалап айтып, сөз баккан эл. Маселен, “кыз боозуп энесин коркутат” деген лакап ат бар. Жөнөкөй, бирок мааниси тереңде. Анын сыңары өлкө тынчтыгына коркунуч келтирип, “төңкөрүш кылабыз!” деп опулдагандар темир тордун аркасынан сөөмөй кезей башташты.

“Ала кушту атынан ата” демекчи, Бакыт Асанов, Кубанычбек Кадыров менен Эрнест Карыбековдор элибиздин боорукерлик касиетине эсеп-чотун тууралап, абакта жатып ачкачылык жарыялайм деп догурунуп жатышат. Кыллаарын кылып, кыл жип менен бууп коюп коюп, анан кайра нааразы болгондорун түшүнбөйсүң. Жакындан билгендер бул үчөөнүн “принциптери жок” экенин айтып келишет. “Сухая голодовка” деп ачкачылык жарыяладыңбы, аягына чейин туруп, бекем позицияңды көрсөтүш керек. Медиктердин айтымында ахыбалдары жакшы.

Демек тамакты тандап жеп жатышат. Муну кечөө сотто Б. Асанов өзү өктөм сүйлөп бапылдаганда эле байкаганбыз. Тамак-аштан калган киши Асановдой болбойт го?

Айтор алардын бул кылыгын саясий шоу десек болот Кыргызстан мамлекет башчысын жаңы башчысын шайлап, ар кандай митинг, акциялардан айрылып арылып эми гана туруктуу өнүгүүгө бет алып бара жатканда булардын жасап жаткан кылыгын өз элине кыянаттык десек жарашчудай.

Не дейбиз, бүкүрдү мүрзө түздөйт дешет го. Коомчулукту козутпай эш алышсын десе да, минтип ал жакта ач айкырык, куу сүрөөн клып жатышат. Же булар ошентип коркутуп кысымга алып койсок, абактан бошотуп жиберишет деп жаңы план түзүп, ошону ишке ашырып жатышабы?

Булак: "Мантыш"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83