www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ден соолугу тууралуу айтып берди

Гүлжан Шерипбаева 17-февраль 2018, 10:27

Борбордук Азия жаңылыктары Саясат


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ден соолугу тууралуу айтып берди

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кытайдын дүйнөдөгү эң чоң телеканалы  CCTVге берген  маегинде соолугу тууралуу айтып берди.

 Нурсултан Назарбаев журналистин берген суроосуна жылмайып: “Менимче баардыгы менин жашымды билгиси келеди”, - деген.

Нурсултан Назарбаевдин жаш көрүнүшүнө эч кандай сыр жок. Ал бар болгону ар дайым спорттук көнүгүүлөр менен машыгат.

“Баардык нерсе адамдын санаасына, ойлогон оюна байланыштуу. Эгерде өзүңдү кары ойлосоң, милдеттүү түрдө ошондой болот. Адамдардын, калктын сага ишеними артуу үчүн кайсыл жагынан болбосун өз калпыңды сактоо керек” – деди, Нурсултан Назарбаев.

Демек, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин бул ыкмасын ар бир инсан өзүнө пайдаланса болот. Кыргызда жакшы сөз бар: “Жакшы тилек жарым ырыс”.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83