www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тартип сакчылар англис тилин үйрөнүүгө милдеттендирилди

Перизат Кутманалиева 19-февраль 2018, 08:49

Борбордук Азия жаңылыктары


Тартип сакчылар англис тилин үйрөнүүгө милдеттендирилди

Тажикстанда тартип сакчылар англис тилин үйрөнүүгө жана чет өлкөлүк туристтер менен сүйлөшүүнүн этикасын сактоого милдеттендирилди.

Өлкө ИИМинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мекеме башкармалыктарында англис тилин окутуу боюнча атайын курстар уюштурулду.

«Министр бардыгына чет өлкөлүктөр менен сүйлөшүү этикасын сактоо жана англис тилин үйрөнүү тапшырмасын берди. Сабактар белгилүү бир күндөрү жана белгилүү бир сааттарда болот. Кызматкерлер аларга жумуштан сырткаркы убактарда катышууга милдеттүү. Биздин кызматкерлердин көбү орусча сүйлөшөт, бирок алар туристтерди түшүнүп, алар менен англисче дагы сүйлөшө билсе андан да жакшы болот», – деп билдирди ИИМ өкүлү.

Акыркы жылдары тажик өкмөтү өлкөнү туристтер үчүн жагымдуу кылуу аракетин көрүүдө. Былтыр бул максатта өкмөттүн алдында Туризмди өнүктүрүү боюнча атайын комитет түзүлсө, президент Эмомали Рахмон 2018-жылды Туризмди өнүктүрүү жана элдик кол өнөрчүлүк жылы деп жарыялаган.

Булак: "centralasian.org"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83