www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дамирбек Асылбек уулу менен Камчы Көлбаевдин жана казак криминалынын ортосунда эмне бар?

Жазгүл Урманбетова 20-февраль 2018, 17:10

Борбордук Азия жаңылыктары


Дамирбек Асылбек уулу менен Камчы Көлбаевдин жана казак криминалынын ортосунда эмне бар?

Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кандай байланышы бар экендигин Казакстандын Время гезити жазып чыкты. Казакстанда Жогорку Кеңештин депутаты кармалганы 18-февралда ырасталган.

Эске салсак,  Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15- 16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы чек ара аймактарында контрабандалык ишмердик кылган уюшкан кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлгөн операцияда 29 адам кармалган. Алар бажы, укук коргоо органдарынын кызмат адамдары, брокерлер, ортомчулар, криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү экени айтылат. Анын үчөө Кыргызстандын жараны: Дамирбек Асылбек уулу, Улан Мурадилов жана Чыңгыз Абакиров. Алар 2 айга камакка алынган. Аларга коюлган беренелердин негизинде, алардын мүлкү конфискацияланып, 12 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Аталган басылманын маалыматына таянсак, Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын кримтөбөлү Есбол менен байланышы бар болушу мүмкүн. Ал дагы депутат чогу кармалгандыгы айтылууда. Мындан сырткары, Есбол бир нече жолу кримтөбөл Камычы Көлбаев (Крыля-киргиз) менен жолуккандыгы айтылууда. Дамирбек Асылбек уулу биринчи жолу Жогорку Кеңешке 2009-жылы 28 жашында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин контролунда турган “Ак Жол” партиясынын тизмеси менен келген. 2015-жылы Асылбек уулу Дамирбек “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен келген. Мындан сырткары ал спортто дагы ийгиликтүү карьера курган. Депутат жергиликтүү гана эмес, чет өлкөлүк кримтөбөлдөр менен дагы байланышы бар болуусу мүмкүн. Жакында эле Асылбек Дамирбек уулунун өзбек бизнесмени (аны мафиози деп дагы аташат) Абдувалиев Салим менен чогу түшкөн сүрөтү жарыялаган. Депутат ал сүрөт 4 жыл мурун спорттук иш чарада түшкөндүгүн билдирген”, -деп жазат Время гезити. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83