www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияда жүк ташуучу унаадан үч казак жаранынын сөөгү табылды

Перизат Кутманалиева 26-февраль 2018, 08:47

Борбордук Азия жаңылыктары


Орусияда жүк ташуучу унаадан үч казак жаранынын сөөгү табылды

РБК медиакомпаниясы Москва алдындагы Чехов районунда жук ташуучу унаадан үч кишинин сөөгү табылганын кабарлады. Компания Орусия ИИМинин Москва облустук башкармалыгына шилтеме жасоо менен өлгөн кишилер Казакстан жарандары экенин билдирди.

Текшерүү жүрүүдө. Баштапкы маалыматтар боюнча алар иске ууланган болушу ыктымал.

"Интерфакс" агенттиги өз булактарына таянуу менен 35-40 жаштагы кишилер каза тапканын, алардын биринин аты-жөнү такталганын кабарлады. Агенттиктин маектешинин билдиришинче, жүк ташуучу унаанын салонунан газ жандыргыч жана спирт ичимдиктери табылган.

Казакстандын тышкы иштер министрлиги өлгөн жарандар тууралуу маалыматтарды тактоодо.

“Биз бул окуя тууралуу билебиз. Москвадагы казак дипломаттары жергиликтүү тергөө органдары менен байланышта. Тергөө жүрүүдө. Өлгөндөрдүн казак жарандары экенин тастыктаган маалыматтар али жок”, - дейт Казакстан ТИМинин басма сөз кызматы.

Булак: "centralasian.org"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83