www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан Орусиядагы президенттик шайлоого 170 байкоочу жиберет

Перизат Кутманалиева 27-февраль 2018, 15:42

Борбордук Азия жаңылыктары


Казакстан Орусиядагы президенттик шайлоого 170 байкоочу жиберет

Казакстандык 170 байкоочу 18-мартта Орусияда өтө турган президенттик шайлоого көз салуу үчүн жөнөтүлөт. Бул тууралуу Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Жергиликтүү байкоочулар КМШ, ЕККУ, ШКУ миссиясынын алкагында жөнөтүлүүдө.

«Учурда Борбордук шайлоо комиссиясы Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Казакстан өкүлдөрүнүн тизмесин түздү. Алар Орусиядагы президенттик шайлоого кыска мөөнөттүү байкоочу катары катышат», – деди БШК өкүлү Зауреш Баймолдина.

Маалыматтарга караганда, КМШ байкоочулар миссиясынын курамында –129, ШКУ линиясында – 3, ЕККУ миссиясынын курамында – 38 казакстандык байкоочу бар. Узак мөөнөттүү бир байкоочу 11-февралдан бери Орусияда.

Орусияда президенттик шайлоо 18-мартта өтөт. Саясий жарышка сегиз киши катышууда, алардын арасында мамлекеттин азыркы башчысы дагы бар.

Булак: "centralasian.org"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83