www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күйөө бала: "Салмондун апасы менин жашоомо көп киришчү, андан өч алуу үчүн уулун өлтүргөм"

Жазгүл Урманбетова 01-март 2018, 15:44

Кылмыш жана кырсык Миграция


Күйөө бала: "Салмондун апасы менин жашоомо көп киришчү, андан өч алуу үчүн уулун өлтүргөм"

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында киши колдуу болуп каза болгон 11 жаштагы Салмон Мадумаровдун апасы убактылуу кармоочу жайдан чыгарылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

"16-февраль күнү тергөөчүлөр маркум Салмон Мадумаровдун апасынын кылмышка тиешеси жоктугун аныктап, аны бошотушкан. 26-январда футбол ойногону чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон Салмондун өлүмүнө апасынын тиешеси бар деп полиция кызматкерлери кармашкан. Анткени апасы уулун диний билим алууга Түркия мамлекетине жиберүүнү көздөп жүргөнүн жана бул маселе боюнча жолдошу менен өз ара жаңжалдашып жүргөнү айтылган", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, буга чейин 26-январь күнү полицияга уулунун жоголуп кеткени тууралуу арыз менен 41 жаштагы Кыргыз жараны кайрылганы кабарланган. Андан кийин Салмон Мадумаровдун жансыз денеси "Купчино" метросунун айланасындагы ээн талаадан табылып, шектүү катары апасынан тышкары 23 жаштагы бир тууган жездеси убактылуу кармоочу жайга киргизилген эле.Териштирүү иштеринин жүрүшүндө баланын жездеси "Салмондун апасы менин жашоомо көп киришчү, андан өч алуу үчүн уулун өлтүргөм" деп айткан.
Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83