www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таасирлүү прокурор үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу кармалды

Перизат Кутманалиева 03-март 2018, 10:21

Борбордук Азия жаңылыктары


Таасирлүү прокурор үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу кармалды

Өзбекстан ИИМинин өкүлдөрү Ташкент шаарынын прокурорунун мурдагы орун басары, юстиция министрлигинин кеңешчиси, 68 жаштагы Мираглам Мирзаевге карата кылмыш иши козголгонун билдиришти. Ал өлкөдө “Антибиотик” каймана ат менен таанымал болчу. Мирзаевдин аялы жана уулу дагы кармалды.

Өзбекстан ИИМинин аткаминерлеринин бири маалымдагандай, Мираглам Мирзияевге козголгон кылмыш ишинин алкагында, Улуттук коопсуздук кызматынын Ташкент шаардык башкармалыгынын терроризм жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Абдурашид Мирзаев (Мираглам Мирзаевдин уулу) жана Ташкент шаарынын Юнусабад районунун Адвокаттар коллегиясынын жетекчиси Мухаббат Хасанова (Мираглам Мирзаевдин аялы, каймана аты – “Кардинал”) кармалды.

Мираглам Мирзаевдин кошунасы 23-февралда күч түзүмдөрүнүн кара беткапчан атайын тобу Мирзаев баш болгон бир нече кишини үйдөн башына кап кийгизип алып кеткенин көргөн.

Алар мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыровго козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалышкан.

Мираглам Мирзаев мурдагы бийлик тушунда Өзбекстандын прокуратура органындагы эң таасирлүү фигуралардын бири болгон. Ал былтыр февралда президент Шавкат Мирзиёев ИИМ жана прокуратура кызматкерлерин сындагандан кийин иштен алынган.

Булак: "centralasian.org"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83