www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жириновский Собчакка кол салуу уюштуруп

Перизат Кутманалиева 05-март 2018, 12:29

Коом Борбордук Азия жаңылыктары


Жириновский Собчакка кол салуу уюштуруп

Бүгүн Орусиянын президентигине талапкерлигин коюп жаткан чыр менен таанымал болгон Ксения Собчакка кол салуу болгонун ал өздүк баракчалары аркылуу жазып чыкты.

"Михаил Горбачёвдун туулган күнүнөн чыгып келе жаткан учурда мага кол салуу болду. Кудай жалгап, ал адам үстүмө суу эле чачты. Мен ал чачкан сууга тайгаланып жыгылып, башым менен бутумду кокустатып алдым. Ал Москванын шаардык Думасынын өкүлү Алексей Шапошниковдун жардамчысы экен.

Азыркы учурда бийлик бандиттер менен кылмышкерлерге таянып алган. Оппозиция тарапка карата күч колдонуу кадимки көрүнүш болуп калган. Ал эми полиция кызматкерлерин дем алыш күндөрү чакырсаң 40 мүнөттө араң жетип келет. Ошондуктан эл саясатка аралашкысы келбейт.

Бийликке каршы чыгуу - кооптуу, ал эми бийлик менен чогуу болуу - уят. Бирок биз коркпойбуз. Биз бул нерсени өзгөртөбүз. Шапошников сөзсүз түрдө кечирим сурап, андан соң жардамчысын жумуштан алат. Кол салуу аз нерседен башталат, эгер биз муну эмитен токтотпосок, кийин эч качан токтобойт", - деп жазат Ксения билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83