www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уларбек Шаршеев менен Курбанбай Искандаров президенттин кабылдоосундо болду

Перизат Кутманалиева 06-март 2018, 08:38

Расмий кабарлар


Уларбек Шаршеев менен Курбанбай Искандаров президенттин кабылдоосундо болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-мартта Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди жана Өкмөттүн чек араны делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаровду кабыл алды.

Өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы абал жана мамлекеттик чек аранын участкаларындагы көзөмөл-өткөрүү пункттарын жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков анын Өзбекстан Республикасына жана Тажикстан Республикасына болгон иш сапарларынын натыйжасында жетишилген макулдашууларга ылайык, кыргыз-тажик чек арасынын жана кыргыз-өзбек чек арасынын калган участкаларын делимитациялоо жумуштарын тездетүү боюнча бардык чараларды көрүүгө тапшырма берди.

Өкмөттүн чек араны делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров кыргыз-өзбек чек арасынын калган участкаларын аныктоо боюнча жумуштар ыкчам жүрүп жатканын маалымдады.

Ошондой эле 2018-жылдын экинчи кварталында эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жолугушууларынын натыйжасында жетишилген Кыргызстан жана Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу маселелерди комплекстүү карап чыгуу  үчүн Өкмөттөр аралык комиссиянын жолугушуусу белгиленген.

Президент мамлекеттик чек аранын участкаларын аныктоо боюнча жумуштарды тездетүү чараларын көрүш керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек участогунун «Достук - автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы абалды талкуулоо үчүн Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен Ош областындагы КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратында уюштурулган жыйындын жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.

Уларбек Шаршеев «Достук - автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмүн жогорулатууга багытталган иш-чаралар комплексин өткөрүү боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө айтып берди.

Ал билдиргендей, мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек участкаларында жайгашкан көзөмөл-өткөрүү пункттарында чек арадагы аймактарда соода-сатыктын өнүгүшүнө  байланыштуу жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйүүдө. Өткөрүү жөндөмүн жогорулатуу максатында паспорттук көзөмөл кабиналарынын саны 30га чейин көбөйтүлөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик чек аранын участкаларындагы өткөрүү пункттарынан өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.

Жолугушууга ошондой эле КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаев, КР Президентинин кеңешчиси Жеңиш Раззаков катышты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83