www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
17 жаштагы кыз менин кафеге кеткен убактымды алып жатат деп 9 айлык баласын 7 күн ит менен жалгыз таштап кетип калган

Перизат Кутманалиева 09-март 2018, 18:29

Борбордук Азия жаңылыктары


17 жаштагы кыз менин кафеге кеткен убактымды алып жатат деп 9 айлык баласын 7 күн ит менен жалгыз таштап кетип калган

Ростов шаарынын тургуну 17 жаштагы Виктория достору менен көңүл ачып келүү үчүн өзүнүн 9 айлык баласын үйдөгү ит менен кошуп жалгыз таштап кеткен. Виктроиянын күйөөсү армияда болгондуктан Виктория төрөгөндө эле баласын балдар үйүнө калтырып кеткен.

Бирок кийин жолдошунун сунуншу менен кайра өзүнө алган. Виктория күлкү менен шаң коштогон жерлерден калбай баласын жалгыз таштап кетип калган күндөрү көп болгон. Ошондой күндөрдүн биринде достору менен эс алууга дагы бир шылтоо болуп баласын жалгыз таштап 7 күнгө кетип калган.

7 күндөн кийин келгенде ымыркай ачкалыктан чарчап калган. Досторунун айтымында Виктория баласына караганда мышыгы менен итине көбүрөөк көңүл бөлгөн.

Сот учурунда Викторияга эмнеге бул кадамга бардың?- деген суроо узатышканда, ал жай гана "ал мага кафеге барганга тоскоолдук жаратчу, эми ал жок жашоом тынч болот" - деп жооп берип элдин баарын чоочуткан. Викторияны күнөөлүү деп тапкан сот аны 6 жылга эркинен ажыраткан. 

Окуяны уккан Викториянын жолдошу армиядан келээри менен сотко ажырашуу тууралуу арыз жазаарын жана 6 жыл Викториянын кылган күнөөсү үчүн аз экенин билдирген деп жазып чыкты life.ru.  

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83