www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте 110 метрлик чучук жасалат

Перизат Кутманалиева 10-март 2018, 09:41

Борбордук Азия жаңылыктары


Бишкекте 110 метрлик чучук жасалат

11-мартта Бишкекте 110 метрлик чучук жасалат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Элнура Кулуева билдирди.

Анын айтымында, алгач 100 метр чучук жасоо пландалып, бирок буга чейин казак ашпозчулары андай узундуктагы чучук менен Гиннестин рекорддор китебине киргендиктен, аны дагы 10 метрге узартуу чечими кабыл алынган. «Бирок негизги көңүл бешбармакка бурулат. Азыр даярдык көрүп жатабыз – 8 жылкы союлат. Акцияга 40 ашпозчу катышат», - деди Кулуева.

Буга чейин активисттер бир тонна бешбармак жасоого ниеттенип жаткандыктары кабарланган.

Иш-чараны «Ак элечек», «Ак калпак» жана «Кыргыз тилектешиги» уюмдары уюштурууда. Алгач 5-мартка белгиленип, кийин 11-мартка жылдырылган иш-чарага Гиннестин рекорддор китебинин өкүлдөрү келет деп күтүлүүдө.

Иш-чаранын максаты – улуттук каада-салттарды пропагандалоо.

2015-жылы Астанада 736,5 килограмм бешбармак жасалып, Гиннестин рекорддор китебине киргизилген.

Булак: "centralasian.org"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83