www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Эл артисти Ашыр Чокубаев 71 жашында дүйнө салды

Камчыбек Бостон 11-март 2018, 14:16

Коом


Кыргыз Эл артисти Ашыр Чокубаев 71 жашында дүйнө салды

Бүгүн, 11-мартта Кыргыз Эл артисти Ашыр Чокубаев дүйнө салды. Кинематографисттер департаментинен билдиргендей актёр узакка созулган оорудан улам каза болду.
Ашыр Чокубаев 1947-жылы Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы кыргыздын белгилүү артисти Назарбек Чокубаев таетрда эмгектенген. Апасы Турсун Чокубаева да театрда актриса болуп иштеген.
Ашыр Чокубаев №6, №9-орто мектептеринде билим алган. Мектепти аяктаган соң Москва шаарындагы Бүт­күл Союздук кино тармагы боюнча институтун аяктаган. Жогорку билимге ээ болгондон кийин Кыргыз драма театрынын башкы режиссёрунун чакыруусу менен ошол театрда иштеп калган.
Театр жана кино актёру “Кожожаш”, "Курманжан Датка", "Ак илбирстин тукуму" жана башка фильмдерде роль жараткан. Ал гана эмес, коңшу казак элинин бир далай тасмаларына түшүүгө жетишкен. Буга белгилүү “Көчмөндөр”, "Баатыр баяны", "Талаадагы куушмак" жана башка фильмдери далил боло алат.
 

NazarNews.kg сайтынын эмгек жамааты Ашыр Чокубаевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83