www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СДПК партиясы тээ акаевдик бийликте эле  “губернаторлор партиясы, партократтар партиясы” катары атка конгон

Гүлжан Шерипбаева 12-март 2018, 09:14

Саясат


СДПК партиясы тээ акаевдик бийликте эле  “губернаторлор партиясы, партократтар партиясы” катары атка конгон

ЖАҢЫ ШАЙЛОО, ЖАҢЫЛАНУУ...ЖАНА ПАРТИЯЛЫК-ПАРЛАМЕНТТИК ДИКТАТУРА

Азыркы таптагы коомдук-саясий турмуштагы эң актуалдуу маселелер катары СДПКнын күтүлүп жаткан кезектеги курултайы жана парламентке боло турган жаңы шайлоолорду кароого болот. Анткени, өткөн күздөн бери бирде “декабрда өтөт”, бирде февралда өтөт”, бирде “апрелге жылдырылды” деп, саясаттын маанилүү жаңылыгы катары, массалык маалымат каражаттарында улам-улам жарыяланып келе жаткан бул учкай маалымдама-кабарлар тек гана “саясий аба-ырайын прогноздогон, сөзсүз түрдө алдын-ала, эскертүү сымал бериле турган сводкалар” сыяктуу эмес, коомчулук тарабынан — ​андан да алда канча ашып түшкөн, керек болсо, бери эле болгондо жакынкы алты жылда (!) өлкө жашоосунун нук-багыттарын аныктай турган өнөктүк катары каралууда…

Муну түшүнүү менен кабыл алуу керек. Азыр бизде сөз жүзүндө көп партиялуулук системасы болгону менен, иш жүзүндө партиялык диктатура орноп тургандыгын байкоо анча деле кыйын эмес. Буга ишенгиңиз келбесе (эгерде, кантип эле ушундай болсун!? Партиялардын атаандаштыгы Конституцияда камсыздалып жатпайбы? — ​деген сыяктуу идеалисттик нуктагы ой жүгүртүүдөн чыга албай жатсаңыз), Республикалык парламенттен баштап, жергиликтүү айылдык кеңештерге чейинки эл өкүлдөрүнүн тизмелерине учкай көз чаптырып чыгуу жетишерлик болот.

Анча-мынча гана (кожо көрсүнгө!) башка эки-үч партиялардын өкүлдөрү кошула калышпаса, калгандарынын дээрлик бардыгында СДПК үстөмдүк кылууда. “Жергиликтүү маанидеги” партиялардын ичинен гана, уруучулдук менталитеттен улам, бирин-экин партия “адашып”, алдыга өтүп кеткени болбосо, бүткүл өлкө аймагынын саясий-идеологиялык керектөөлөрү толук бойдон СДПК аркылуу камсыздалып келүүдө…

Ушуга жараша, бул партия чынында эле өтө күчтүү жана элдик маңыздагы, мекенчил партия болсо да бир жөн эле!.. Тескерисинче, анын негизи жалаң гана “куркульдардан” куралып калганын, ал түп-тамырынан тазалоого муктаж экендигин партия лидерлери (экс-президент Атамбаев баш болуп) өздөрү айтып жүрүшөт. Демек, партиянын съезди улам-улам артка жылып келе жаткандыгынын анча деле жашыруун сыры жок. Татаал, азыркы партия лидерлери дээрлик чече алгыс маселелер гана бар!..

Айрыкча, парламенттик шайлоо боюнча алдын-ала тизме түзүү деген маселеге келгенде. Бир жагынан — ​ошол саясий кампанияларды камсыздай ала турган “кошелёкторду” дагы угууга туура келсе, экинчи жагынан, эл арасында чындап эле кадыр-баркы бар, таза жана патриот инсандарды тандоого умтулуу зарыл. Байкалып тургандай, бул эки маселе бири-бирине кайнаса каны кошулбаган, жада калса — ​караманча каршы келе турган, антиподдук түшүнүктөр сыяктуу кабылданары шексиз. Азыркы тыным алган пауза, дал ушул татаал дилеммадан улам, партия лидерлеринин баштары катып, же кез-кезде маңыроо болгон койдон бетер, айланып, не кыларын биле албай турушкан чакты билдирет десек болчудай. Баса, азыр “парламенттик системадабыз” деп номиналдуу аталганыбыз менен, де-факто партиялык-парламенттик диктатуранын бийлиги жүрүп келе жаткандыгы дагы талашсыз. Парламенттин күчтүүлүгүнөн улам эмес, баягы эле жогортон берилген партиялык-жетекчилдик диктаттын кыйшаюусуз аткарылып жаткандыгынан улам.

Себеби, толук бойдон көз каранды болуп калган парламент жогору жактагы “кураторлорунун” кыйкырыгына жараша гана иш алып барууга мажбур боло берет.

Кыскасы, азыркы парламенттин аянычтуу акыбалы, эл өкүлдөрү деген атка жооп бермек турсун, бул бийик талапка анча жакындай да албайт. Мындай шарттарда, өзүн өзү сыйлаган, ар-намыстуу депутаттар (азыркы курамында, андай өз алдынча жана көз карандысыз депутаттар, ашып барса, парламенттин 25–30 пайызын гана түзүшү мүмкүн) өздөрүн өздөрү таркатуу жолу менен, эбак эле таркап кетип калышмак. А булар, андай кадамга бара алышпайт. Барышса да, жогорудагыдай, жогортон берилген ишара аркылуу гана бара алышары анык.

Ошентип, бул татаал дилемма, шибегени самынга алмаштыргандан не пайда демекчи, азыркы абдан ыңгайлуу жана “өтө элпек”, өлкө жетекчилери үчүн атка жеңил тайга чак, кол бала сыяктуу болгон парламенттен айрылуунун кереги не дегендей кылчактоо сезимин да жаратары түшүнүктүү. Ошол эле учурда, Конституция боюнча парламенттик укуктар дагы кыйла кеңейтиле турган 2020-жыл да жакындап келе жатат.

Эгерде төрагалары кол жоолуктан бетер, улам алмашыла баштаган парламентке жазып-тайып, көз карандысыз жана амбициясын азырынча ичине катып жүргөн спикер бийликке келип кала турган болсо, азыркы партиялык-парламенттик саясий агым такыр башка нукка бурулары турган иш. Демек, муну да алдын алуу зарыл да, андай коркунучтуу жагдайды али түйүлдүк кезинде жок кылууга умтулуу керек…

Чын-чынына келгенде, жогорудагы зарыл чаралардын көбүн аткаруу азыркы күчтүү бийлик үчүн анчалык татаал деле маселе эмес. Бир гана — ​калың элдин жана коомчулуктун маанайын өзүн колдоо тарапка буруудан башкасы. А бул — ​абдан кыйын жана дээрлик аткара алгыс талап. Айрыкча, азыркы жогорку бийликтегилер үчүн.

Элдик нааразычылыктар, жогорку бийликке каршы маанайда болгон толкундар кайсыл учурда күчөй баштайт? Албетте, жогорку бийлик менен элдин ортосундагы ажырым абдан күчөп, алардын кызыкчылыктары кайчы келе баштаган чакта гана… Азыркы коомдук-саясий маанай байкалбастан дал ошол нукка өтө баштагандай сезилет.

Башкача болушу да мүмкүн эмес. Анткени, “апрелчилердин” куру убада, жылаңач эйфорияга жык толгон ресурстары эбак эле түгөнүп, азыр алар өздөрү дагы “калк үчүн электр энергиясына болгон бааны аз-аздан болсо да улам көтөрүү керек, ансыз биз бул тармакты керектүү техникалык жабдыктуу деңгээлде кармай албайбыз” деген моюнга алууларды жасашып, массалык-маалымат каражаттарында мындай билдирүүлөр кез-кезде ачык жарыялана баштады.

Белгилүү болгондой, апрель “революциясы” алдында, “электр энергиясынын өзүнө турган реалдуу наркы бир тыйын эле экен, калк аны дал ушул баа менен алышы керек!” деп кыйкырып чыккандар, азыр такыр унчукпай калышты окшойт. Ал эми жумушсуздук, коррупция жана кылмыштуулук сыяктуу “катуу оорулар” айыга баштоо, же жеңилдемек турсун, мурдагыдан дагы күчөп кеткендигин, ал тургай, бул аракеттер аларга каршы күрөшүүсү керек болгон “укук коргоо органдарынын” көзөмөлү жана катышуусу алдында жүрө баштагандыгын жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков эл алдында бир нече ирет ачык кайталады.

Жалпылап айтканда, коомчулуктун маанайынын жана элдин бийликке болгон мамилесинин жакшырышына эч кандай негиздер түзүлгөн да жок. Бери эле болгондо — ​жакынкы аралыктагы убактарда!..

Жакында эле Владимир Путиндин Россиялыктарга жыл сайын жасалуучу Кайрылуусу болду. Фундаменталдуу анализ, так жана ташка тамга баскандай бекем аргументтелген, ар бир тармактагы орчундуу маселелерди белгилеп, аларды чечүү жолдорунун багытын көрсөткөн ойлор уккан адамдын көңүлүнө кыттай орноп калары бышык. Баарынан да, өлкө өнүгүүсүн кашкайта ачык көрсөтүп турган фактыларды жая салганы — ​эч кандай кошумча цифраларсыз эле, — ​соңку жылдарда жасалган иштердин жемиштүү жыйынтыгы болуп көрүнүп турат. Россиялыктардын орточо жашы соңку беш-алты жыл ичинде 61ден (эркектер үчүн) жана 66дан (аялдар үчүн) 71 жана 77 жашка чейин өсүптүр. Бул деген — ​Россия Федерациясы эң эле өнүккөн өлкөлөрдү (узак жашоо боюнча рекордсмен Япония сыяктуу — ​бул цифра аларда 83–87ге барабар!) такымдап калды дегенди билдирет.

Маалым болгондой, өлкө жашоо деңгээлин аныктоо БУУнун жана атайын эл аралык уюмдардын критерийлери боюнча алганда, негизинен үч параметр боюнча — ​адам өмүрүнүн узактыгы, анын кирешесинин өлчөмү жана билим деңгээли деген, — ​көрсөткүчтөр менен аныкталып келе жатат. Бул үч параметр боюнча тең алып караганда, биздин өлкөнүн тээ өткөн кылымдагы 90-жылдардан берки статистикалык маалыматтарды салыштырып көргөн адам, азыркы Кыргызстандын абалынан айкын маалымат ала алат. Башкача айтканда, биздин мамлекетибиздин өсүп-өнүкпөй эле, улам артка карай, же ылдый карай түшүп кетип бара жатканыбызга ынанат.

Буга чейин СДПК партиясына кандайдыр бир деңгээлде тең салмактуулукту түзүп, республикалык масштабда таасирге ээ болушкан “Ата Мекен” жана “Республика” партиялары алардын лидерлеринин саясий фронттогу “кыйроолорунан” кийин, мурдагы позицияларын жоготушуп, лидерликти талашмак турсун, өздөрүнүн андан аркы кризиске батып калуу коркунучунан арылууга гана далалат жасап калышары анык. Ал эми регионалдык-провинциалдык деңгээлден республикалык деңгээлге эми гана жаңы чыга баштаган “Өнүгүү-прогресс” сыяктуу партиялардын тагдыры көп партиялуулуктун көлүнө чөгүп, көрүнбөй кетүү деген сыяктуу гана коркунуч менен чектелет. Дал ошондуктан улам, мурда өз алдынча, көз карандысыз позициясын такай билдирип келген (бул эч нерсени чечпей, декларативдүү мүнөздө болсо да!) Бакыт Төрөбаев дагы дайыны билинбей, “белгисиз”, катардагы депутатка айланып бара жатат.

Жыйынтыктап айтканда, азыркы парламенттин келечек тагдыры — ​толугу менен көптөн бери күтүлүп келе жаткан СДПКнын съездине жараша болору жашыруун деле эмес. Ал кийинки парламенттен да басымдуу көпчүлүктү алууга умтулары дайын.

Ал эми парламенттик-партиялык диктатурага альтернатива боло ала турган күчтөр али көрүнбөйт. Азырынча, андай аракеттердин айрым бир белгилери байкалганы менен да, коомчулукта жапырт колдоо тапкан, программаларында элдик мүдөө-тилектерди айкын чагылдырган жана ошол идеяларды аткарууга, ишке ашырууга умтулган саясий күчтөрдүн карааны да көрүнө элек.

СДПК партиясынын деле программалары, идеялары декларативдүү түрдө алып караганда, жакшы эле идеялар менен чулганган. Бирок, практика көрсөткөндөй, соңку жети-сегиз жылдан бери (эгерде, 2010-жылдын 7-апрелин белгилүү бир чек катары алып карай турган болсок), эч кандай деле оптимисттик маанайдагы өзгөрүүлөр боло койгон жок.

Кечээ жакындагы эле журналисттер менен болгон жолугушуусунда (президенттик кызмат орунга олтурганына “жүз күн” толгонуна байланыштуу) билдиргенине караганда, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков да бул партияга 1996-жылдан бери өз тагдыры тыгыз байланып калгандыгын айтып, башка партия түзүүнүн деле зарылдыгы жок дегендей маанайда экен.

Албетте, бул анын жеке пикири жана укугу дечи. А бирок, президент катары партиялуулуктан жогору туруп, бардык партияларга бирдей карап (экс-президент сымал, президенттик шайлоо кампаниясынын эң кызуу учурунда, “региондор менен коштошуп чыгам” деген маанисинде, жолугушууларды уюштуруп, партиялаш талапкерин ачыктан-ачык колдоп чыкпай!), алардын өнүгүүсүнө шарт түзүп берүүсү мыйзамга да, эл талабына да ылайык болот. Ансыз бизде көп партиялуулук системасы (парламенттик система сымал эле) кагаз жүзүндө гана кала берет.

Айта кете турган нерсе, СДПК партиясы тээ акаевдик бийлик али күчүндө турган кезинде, адеп түзүлгөндө эле эл арасында “губернаторлор партиясы, партократтар партиясы” катары атка консо, кийинчерээк, бул каймана наамы “Олигархтар партиясы” атына конгондугу маалым. Ал эми чыныгы элдик партия болуу үчүн, курамында карапайым калктын көйгөйлөрү менен жашаган, ошол маселелерди чечүү үчүн чындап күйгөн инсандар көп болуусу керектиги түшүнүктүү. Алты жыл бою “акаевчилер” жана “бакиевчилер” деп, өзүнөн мурунку бийликтегилерди жектеп келген жана өлкөнү мурда ошолор гана артка тартып келе жатышканын айтуудан чарчабаган атамбаевдик бийлик, өздөрү деле артында мактанарлык из калтыра алышкан жок. Бул айрыкча азыр ачык көрүнө баштады. Кийинки алты жылда дагы ушундай эле декларативдүү саясат уланабы? Же, чечкиндүү кадамдар жасалып, кардиналдуу өзгөрүүлөр башталабы? Азыркы жаңы президент Жээнбековдун бийлигинин алдында да дал ушундай дилеммалуу суроолор кабыргасынан коюлуп турат. Буга өз учурунан кечиктирилбей жана так жооп берилиши ылаазым. Азыркы бийликтин эл арасындагы кадыр-баркы жана өтүмдүүлүгү, тааасири жана келечек тагдыры — ​дал ушундай жагдайларга байланыштуу болот.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

Булак: Жаңы ОРДО

 

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83