Гүлжан Шерипбаева 12-март 2018, 21:15
Маселенин маңызы эмнеде? Бул ишти дагы эле “жер тыңшар”, эч нерсеге кайдыгер карабаган депутаттар таап чыгышты. Көрсө, өз учурунда “Датка-Кемин” линиясын куруп, “Кыргызстанды энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылдым” деп мактанган Атамбаевдин айланасында чоң чыр чыккан жатат сыягы. Бул кезектеги коррупциялык чатакка окшоп калды.
Депутаттардын айтымында, кытай кредитинин басымдуу бөлүгү уурдалып кетиптир. Эмес, фактыларга токтололу. “Датка-Кеминдин”узактыгы болгону 405 чакырым. Бул долбоорго болгону 400 млн. АКШ доллары сарпталган. Ошондо Кыргызстан ар бир километр үчүн бир миллион доллардан сарптаган болуп чыгат. Мындай баа дүйнөдө жок. Бул кадимки коррупция. Кыскасы, Сапар Исаков кезектеги коррупциялык чырга кабылып, өзү менен кошо Атамбаевдин абийирин ачпаса болду. Кызык, мындай иштердин дагы канчасы калкып чыгар экен, деп жазат “АЗИЯnews” гезити.
КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков мындай ичип тойбогон аткаминерлерди камап тим болбостон, кустуруп, кул кылып иштетиш керек. Курсагын салаңдатып, чандайган чаначтардын алакандай Кыргызстандын экономикасынын таш-талканын чыгарып жаткандарды өлкөдөн чыгарбай жазасын берүү зарыл.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!