www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акаев менен Бакиевдин мезгилинен бери турган 5 гектар жерге мыйзамсыз курулуш салынып баштады...

Жазгүл Урманбетова 13-март 2018, 10:24

Саясат


 Акаев менен Бакиевдин мезгилинен бери турган 5 гектар жерге мыйзамсыз курулуш салынып баштады...

Бишкек шаарындагы Манас көчөсүнүн жогору жагындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын сол тарабында Акаев менен Бакиевдин мезгилинен бери кармалып турган 5 гектар жер азыр курчалып, кандайдыр бир курулуш курула баштаптыр.

Өкмөт ал жер кимге жана кантип берилгенин иликтеп чыгып, депутаттарга маалымат берүүге тийиштигин Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев айтып чыкты.

Бул тууралуу ал: «Мен өкмөттүн өкүлүнөн курулуштун жүрүшүн дароо токтотуп, анан иликтөө жүргүзүүнү талап кылам. Ал мамлекеттик трассада жайгашкан жер. Ал жер кимге берилип, бюджетке канча каражат түшкөнүн тезинен тактоо керек. Керек болсо биз дагы депутаттык комиссия түзүм текшерүүгө алабыз» — деп күпүлдөдү.

Жеке кызыкчылыгы барбы же мамлекет үчүн чырылдап жатабы. жакын арада белгилүү болот. Бул тууралуу маалыматты "Фабула" гезитинен NazarNews.kg маалымат агенттиги шилтеме жасады. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83