www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айбек Калиевге алкым менен айлык кызыкпы?

Жазгүл Урманбетова 13-март 2018, 13:09

Саясат


Айбек Калиевге алкым менен айлык кызыкпы?

«Энергохолдингдин» жетекчиси Айбек Калиев энергетика тармагын жетектеп жарыта алган жок. Жаштык кылдыбы же тажрыйбасы аз болгондуктанбы, болбосо иш билгилик сапат дээринде жокпу, айтор сындан башы арыла элек.

Ырас, «эт эмес же чел эмес» болгон мажүрөөлүгүнүн айынан учурда энергетика тармагы аксап турат.ТЭЦтеги аварияга, 386 миллион доллардын майнапсыз сарпталышына, бул тармактагы коррупциянын гүлдөшүнө Калиев түздөн-түз жоопкер.

Мына Энерге­тика министрлиги болуп турганда министрликтин башкы аппаратында 77 адам иштеп, жылдык бюджети 23 миллион сом болчу. Бул каражат бардык чыгымына жетчү. Өлкөдө авариялык абал катталган эмес.

Ал эми «Энерго­холдинг» түзүлүп, Айбек Калиев башына келгени холдингде иштегендердин саны 43 болуп, бюд­жети 74 миллионду түздү. Тилекке каршы, олчойгон маяна алышып, бирок жарытылуу иш кылышкан жок. Көрсө булар ичип-жегенден башканы билишпейт окшойт. Бул тууралуу маалыматты "Фабула" гезитинен NazarNews.kg маалымат агенттиги шилтеме жасады. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83