www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-тажик чек арасынан 24 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды

Жазгүл Урманбетова 13-март 2018, 12:40

Кылмыш жана кырсык


Кыргыз-тажик чек арасынан 24 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды

Баткен облусундагы Лейлек районунда чек арачылар аткезчилик менен Тажикстанга киргизилип бараткан жеринен 24 тонна күйүүчү майды кармашты. Бул туурасында "Азаттык" жазып чыкты.

Чек ара кызматынын "Азаттыкка" берген маалыматы боюнча, күйүүчү майды тажикстандык эки жаран көзөмөл өткөрүү бекетинен тышкары жерден алып өтүүгө аракет кылган.

Кармалган тажик жарандарына мамлекеттик чек ара режимин бузганы үчүн айыппул салынып, ал эми күйүүчү май Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын аймактык бөлүгүнө өткөрүлүп берилген.

Кыргызстандан Тажикстанга аткезчилик жол менен күйүүчү май ташылып келгени жөнүндө буга чейин да айтылып келген.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83