www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Арстанбек Ибраев жегендерин кусабы?

Жазгүл Урманбетова 13-март 2018, 15:36

Саясат


Арстанбек Ибраев жегендерин кусабы?

Биринчи Май райондук соту Жол чарба департаментинин жетекчиси Арстанбек Ибраевди эки айга камоо чечимин чыгарды.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304 («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу»), 306 («Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу»), 189 («Ачык соода жана аукцион өткөрүүнүн тартибин кыянаттык менен бузуу») беренелери боюнча айып тагылган.

Сот чечимине ылайык, мурдагы жетекчи тергөө аяктаганча УКМКнын абагында кармалат. УКМКнын маалыматына караганда, ал Ак-Талаа районунун Ак-Талчат айылында Нарын дайрасындагы көпүрөнү оңдоо үчүн “Кербен жол курулуш” ишканасы менен 45,8 млн. сомго мыйзамсыз келишим түзгөн.

Жыйынтыгында эч кандай кепилдиги жок эле ишканага 35 млн. сомду которгон. Мамлекеттен акча коротулганы менен ал көпүрө салынган эмес. Бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат. 

Бул тууралуу маалыматты "Фабула" гезитинен NazarNews.kg маалымат агенттиги шилтеме жасады. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83