www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нуржан Шайлдабекова кезектеги “шарманкасын” баштады

Гүлжан Шерипбаева 13-март 2018, 16:58

Саясат


Нуржан Шайлдабекова кезектеги “шарманкасын” баштады

Акыркы жылдары шайлоо десе көз алдыбызга БШК төрайымы Шайылдабекованын элеси көзгө урунчу болду. Кантсе дагы Нуржан айым, бийликтин айтканынан чыкпай, “казанынын капкагын ачпай, жымыйып жооп берип” канчалаган саясатчыны жолго салып, башына сылап, алдап колго алат. Мындай адекваттуу айымдар чанда гана кездешет. Так ушул айым, дагы кезектеги “шарманкасын” баштады.

Алсак, “Республика-Ата-Журт”партиясынан катардагы тизмеде Жогорку Кеңешке талапкер Болот Дыйканбаев болгон. Тилекке каршы “жасалма арыздын” кесепетинен улам, Болот мырза депутаттык креслого илинбей калышы мүмкүн.

Эми далилдерге токтололу...

Айрым маалыматтарга таянсак, Болот Дыйканбаев тизмедеги кезеги жакындагандан улам Борбордук шайлоо комиссиясына келип кабар алган. Ал эч кандай партиядан же тизмеден чыгууга арыз берген эмес. Таң калычтуусу Болот Дыйканбаевдин атынан 2015-жылы 9-октябрда  "жасалма" арыз жазылган. Тилекке каршы аркы-берки "теке сүзүштөрдөн" жана такташуулардан улам, Болот Дыйканбаев БШКга арыз жазбагандыгы, ал арыз "жасалма" экендигин соттук медициналык экспертиза аныктаган.

Кызыгы, катардагы тизмеден Болот Дыйканбаевдин ордуна Марлен Маматалиевдин арызы түшүп калганы баарына таң болуп турган кез. Эмнеси болсо дагы ушул БШК былгытып коюп, “укугуңарды башка жактан коргоп алгыла” деп, жолго салганына таң каласың.

Маалыматтарга таянсак Болот Дыйканбаев "жасалма арыз" боюнча Башкы прокуратурага кайрылган. Эми Башкы прокуратура "жасалма арыздын" ээсин таап чыгар. Болбосо “жасалма арыздын” башында тургандарды мыйзам алдында жазалабаса мындай “бардак” улантылып кете берчүдөй.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83