www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шоу бизнес чек ара билбейт

Гүлжан Шерипбаева 23-март 2018, 12:32

Дүйнө жүзүндө


 Шоу бизнес чек ара билбейт

Кыргыз-Өзбек чек арасы ачылган күндөн тартып, түрдүү ойлор, карама - каршы пикирлер, эки анжы ойлор айтылып өттү. А бирок бир өмүрлүк куда сөөк, тааныш билиши анан да биз өңдүү шоу дүйнөнүн тузун таткандар үчүн бул нерсе кыялдын кылдарын черткен күүдөй жага түштү. Мынакей, бир жылга жакын убакыт өтүп, Сооронбай Шарипович жана Шавкат Миромоновичтин кийлигишүүсү менен чек аралар ачылып, маданият тармагындагы алака жакшы болуп бара жатат. Кылым карыткан Ошко келүү же мурдагы Шашкент азыркы Ташкент шаарына кимдин гана баргысы келбейт деңизчи.

Мен бул сөздөрдү бекеринен айтпадым себеби Ордолуу Ошто Өзбек шоу дүйнөсү өкүлдөрүнүн келүүсү маданияттын дагы бир өсүшү деп билем. Бул күнгө чейин улуу актер баштаган Мирзо Азизов башчылыгында "Мукумий" театры келген болсо, андан кийин эстрада жылдызы Гайрат Усмонов, сөз жана күлкү усталары Мирзобек Холмедов жана Аваз Охундун келүүсү эл тарабынан жакшы кабыл алынды. Эки элдин акыны Идирис агайыбызга боордош элдин ажосу авто унаа жана үй белек кылганда маданиятты балоо ушундай болсо экен бизде да деген ойлор мен кыргызмын деген ар бир жарандын оюнан өттү деп ойлойм.

Бирок, баарынын артыкчылыгы менен кемчилдигин айтып үйрөнгөнбүз бул нерсени да балким биздин кызыл галустук таккан чоңдор интернет желесин үңүлө карашса балким бул ойлорумду түшүнөөр.

Себеби, концерт уюштуруу канчалык кыйын экенин жоон терибиз менен сезген үчүн билебиз, бирөөлөр сүйлөп сын кылса аргасыздан сөздөрдү кулак артынан өткөрүүгө аракет кылабыз. Өзбек шоу дүйнө өкүлдөрүнүн келгени жакшы бирок алар килейген чоң суммадагы акчаны айтып келишүүдө. Бул нерсе албетте, биздин чоңдорду кызыктырбайт деңизчи а бирок эки элдин карапайым калкын, маданият өкүлдөрүн түйшүккө салып коюуда. Мен уюштуруучу жана сайт кабарчы катары айткым келет, албетте маданият чек арасыз аалам, ал тилсиз котормочу, жүрөктөргө ыйман, акылга акыл уругун берчү бир дүйнө.

Ошондуктан келиңиз бир тууганым сен кыргыз элең, сен өзбек элең дебей, улутка же урууга бөлүнбөй кыргызстандын өнүгүшү үчүн салым кошсок, өнүккөн өлкө болобуз деп ойлоймун.

Жээнкулов Асранкул

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83