www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ихласка” ичи күйгөн ким?

Гүлжан Шерипбаева 14-март 2018, 18:32

Турмуш


 “Ихласка” ичи күйгөн ким?

Ата мекендик алдыңкы курулуш “Ихлас” компаниясынын негиздөөчүсү Нурбек Осмонов: “Жантөрө Сатыбалдиев, Икрамжан Илмияновду дайыма бизге жармаштырып келишет. Биз так кесе айтабыз, булардын бизге такыр тиешеси жок! Алар менен өнөктөш да эмеспиз!” – деген билдирүү таратты.

Маалым болгондой буга чейин айрым маалымат каражаттарында Бишкектин Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөр курулуп жаткан 5 гектар жерди “Илмиянов менен Сатыбалдиевдин” “Ихлас” фирмасы ээлеп алган деген маалымат жарыяланган. Аталган курулуш компаниясы сөз болуп жаткан жер 5 гектар эмес, 2.868 гектар экенин жана ал мыйзам негизинде алынганын, “каралоо” токтобосо мыйзам чегинде сотко кайрыла турганын билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Табалды Тиллаев ал жер “Ихласка” кантип тийип калгандыгын иликтөө керек деген пикирин айтты. Балким, бул маселеде өзүнүн да кандайдыр бир кызыкчылыгы бардыр?

Булак: Багыт


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83